Депутат Атазов менен кримтөбөл «Женгонун» сүйлөшүүсү делген аудио тарады

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов менен «Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досоновго таандык делген сүйлөшүүнүн аудиосу тарады. Аны 3-ноябрда президенттин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркулов фейсбук барагына жарыялады.

Аудиодо өзүн «мен Кадыр акең, Женго» деп тааныштырган киши «Шайлоо» деген адамга чалып, экөө ал-акыбал сурашкан.

Андан соң «Женго» маектешинен «уюшкан кылмыштуу топ тууралуу маселени көтөрбөөнү жана милиция иштебей жатат деп айтпоону» суранган. Маектеши ага «түшүндүм ака» деп жооп берген.

Видеону жарыялаган Анаркулов «Атазов кооз сүйлөй турганын» жазып, депутаттын «уюшкан кылмыштуулук менен байланышы бар экенин жашыруу үчүн аларга каршы сүйлөп жатканын» белгилейт.

«Мына, төмөндөгү "Женго" менен сүйлөшүүсү — Атазовдун УКТ менен байланышы бар экенинин түздөн-түз далили. Депутаттар канча безилдебесин, тазалоо жүрүшү керек. Парламентте акыркы бандит жок болгондо гана өнүгүү жолуна багыт алат. Атазовго дагы чара көрүлүшү кажет», — деп жазды Анаркулов.

Аталган аудио боюнча Атазовдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Кечээ, 3-ноябрда Атазов парламенттик шайлоодо ага тарапташ болгон кишилер «убактылуу кармоочу жайда кыйноого алынып, дайыны чыкпай жатканын» айтып чыккан.

«Бир нече күндөн бери, эки жыл мурда болгон Свердлов району боюнча шайлоо учурунда мага тарапташ болгон адамдарды убактылуу кармоочу жайга алып кирип, 3-4 сааттан кармап кыйноого алып жатышат. Мага айтылган маалымат боюнча, шайлоо учурунда “[Райымбек] Матраимов акча берген деп жазгыла” деп жатышыптыр. Ата-энелери ыйлап келишти. Алар эмне болушту кабар жок болууда», — деген эл өкүлү.

Ошондой эле ал президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, «сиздерге маалымат жеткирген топтор бурмалап жатат, чындыкты айтууга мүмкүнчүлүк бериңиздер» деп суранган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Атазов тарапташтары сурак бергени жана Матраимов менен байланышы тууралуу пост жазды