Депутат Атазов тарапташтары сурак бергени жана Матраимов менен байланышы тууралуу пост жазды

Шайлообек Атазов жана Райымбек Матраимов

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Шайлообек Атазов парламенттик шайлоодо ага тарапташ болгон адамдар «убактылуу кармоочу жайда кыйноого алынып, дайыны чыкпай жатканын»  айтты. Бул тууралуу 3-ноябрда эл өкүлү фейсбук барагына жазды.

«Бир нече күндөн бери, эки жыл мурда болгон Свердлов району боюнча шайлоо учурунда мага тарапташ болгон адамдарды убактылуу кармоочу жайга алып кирип, 3-4 сааттан кармап кыйноого алып жатышат. Мага айтылган маалымат боюнча, шайлоо учурунда “[Райымбек] Матраимов акча берген деп жазгыла” деп жатышыптыр. Ата-энелери ыйлап келишти. Алар эмне болушту кабар жок болууда», — деп жазды Атазов.

Эл өкүлү өзү 2022-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «көп досторунан карыз алганын жана элдин колдоосу менен депутат болгонун» билдирди. Ал эми Матраимов аны «спортчу катары сыйлап, эл аралык мелдештерде спортчуларга демөөрчү болуп жүргөнүн, бирок бизнесте байланышы болбогонун» айтты.

«Негизи эле Райымбек Исмаилович өзү бир күнү тизмелеп, кайсы аткаминерге, депутатка, спортчуга жардам берип жүргөнүн айтып койсо жакшы болмок. Мага болуп жаткан каралоолордун бир бөлүгү — жакында профсоюз ишмердүүлүгүн текшерген депутаттык комиссияга төрага болуп бир  жыл иштеп, көптөгөн адамдардын куйругун тебелеп алдым эле. Балким бул да чоң бир себеп болуп жатат деп ойлойм», — деп белгиледи эл өкүлү.

Ошондой эле Атазов өлкө башчысы Садыр Жапаровдон жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, «сиздерге маалымат жеткирген топтор бурмалап жатат, чындыкты айтууга мүмкүнчүлүк бериңиздер» деп суранды.

Атазов буга чейин «Коррупция» боюнча күнөөлүү деп табылган бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун жакын адамы экени маалым. Ал 2018-жылдан тарта Руслан Матраимов жетектеген EREM спорттук клубунда башкы машыктыруучу болуп иштеп келген.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митингге чыгышты. Бишкек шаары, 2021-жылдын 19-февралы. Сүрөт: Kloop

Аны менен катар, 2021-жылдын 18-февралында УКМК Матраимовду «Кылмыштуу кирешелерди адалдоого» шектеп кармаганда Атазов алгач Бишкекте, кийинчерээк Ошто бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басарын бошотуу талабы менен митинг уюштурган.

«Азаттык» басылмасы 2-ноябрда ишенимдүү булактарына таянып, Атазовдун мандаты боюнча маселе жаралганын, ал эми бул окуя УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өлкөдө Көлбаев-Матраимовго жакын адамдар мамлекеттик кызматтан тазаланары тууралуу билдирүүсүнө туш келгенин жазган.

3-ноябрда соцтармактарда Атазов менен «Дженго» каймана аттуу кримтөбөл Кадырбек Досоновго таандык экени айтылган сүйлөшүүнүн аудиосу тарады. Аудио жаздыруудан эки эркек кишинин үнүн угууга болот, алардын бири — экинчисин «Шайлоо» деп атап, ал эми өзүн «Кадыр» деп тааныштырат. 

Маек учурунда Кадырбек Шайлоодон «уюшкан кылмыштуу топтор тууралуу маселени парламентте козгобоону жана милиция иштебей жатат деп айтпоону» суранат. 

ТЕМА БОЮНЧА:

«Атазов мандатыңды тапшыр». Бишкекте аялдардын укугун коргоого арналган митинг өттү