Бишкекте дагы эки «Эл аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

Бишкекте дагы эки «Эл аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды. 4-ноябрда ачылуу аземине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Маалыматка караганда, дарыканалар №1 жана Жал кичи районундагы №2 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ачылган.

Буга чейин, 28-октябрда Бишкекте аталган мамлекеттик дарыкананын алгачкы филиалы ишке кирген. Дарыканада маанилүү делген 800дөн ашык дарынын түрү бар экени жана жеке менчикке салыштырмалуу 10-15% арзан сатылары белгиленген.

Министрлик дары-дармектин санын эки миңге көбөйтүүнү көздөп жатканы айтылууда. 10-ноябрга чейин өлкө боюнча жалпы 46 мамлекеттик дарыкана ачылары кабарланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Өлкөдө дагы 46 дарыкана ачылат». Бишкекте алгачкы мамлекеттик дарыкана иштей баштады