Ош: Үч аскер кызматкери жол кырсыгына кабылып, бири каза тапты

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылында үч аскер кызматкери жол кырсыгына кабылып, алардын бири окуя болгон жерде каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» 7-ноябрда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 7-ноябрга караган түнү болгон. Аскер кызматкерлери Daewoo Leganza үлгүсүндөгү жеңил унаада катуу ылдамдык менен бара жатып, кызыл чырак жанып турганына карабай трассага чыгып кетип, жүк ташуучу унаа менен кагышкан. 

Кырсыктын кесепетинен жаракат алган эки аскер кызматкери ооруканага жаткырылды. Учурда окуяны териштирүү иштери уланып жатат.

ИИМдин маалыматына ылайык, жыл башынан берки тогуз ай ичинде өлкөдө 4 миң 880 жол-унаа кырсыгы катталып, 489 адам каза болгон.

Жол кырсыгынан каза болгондордун 31и жергиликтүү жолдордон ажал тапса, айыл-шаар жана калктуу конуштардагы унаа жолдорунда 99 адам кырсыктан мерт кеткен. Ал эми мамлекеттик маанилүү жолдордон 39, эл аралык жолдордон 320 адам каза болгон.  

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акыркы тогуз ай ичинде жол кырсыгынан 500гө жакын адам каза болду 

Ысык-Көл: Жол кырсыгынан сегиз киши каза тапты, алардын экөө ымыркай