Кыргызстан Германия менен авиакаттам түзүүгө кызыкдар 

Кыргызстан Германия менен эл аралык авиакаттамдарды түзүүгө, ошондой эле аталган өлкөнүнүн авиакомпаниялары менен кызматташууга кызыктар. Бул тууралуу 8-ноябрда «Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономика күнү» аталышындагы кыргыз-немис бизнес форумунда минкабдын башчысы Акылбек Жапаров айтты

«Чет элдик авиакомпаниялар үчүн аба каттамдарын ачуу максатында Кыргызстандын эл аралык аэропортторунда ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, анын ичинде учуу иштеринин баштапкы этабында жеңилдиктер каралган. Натыйжада, биздин өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарынын ачылышы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө, анын ичинде соода жүгүртүүнүн жана туристтик агымдын өсүшүнө оң таасирин тийгизет», — деп айтты ал. 

Ошондой эле Жапаров германиялык ишкерлерди Кыргызстандагы жаңы транспорттук-логистикалык түйүндөрдү реконструкциялоого жана курууга катышууга чакырды. 

Кыргызстан менен Германиянын ортосунда түз авиакаттам жок. Кыргызстандын жарандык авиация департаменти менен жергиликтүү авиакомпаниялар 2006-жылдан бери Евробиримдиктин «кара тизмесинде». Эл аралык жарандык авиациянын эксперттери ал учурда республиканын мыйзамдык базасы эл аралык ташуулардын стандарттарын сактоого мүмкүндүк бербегендиктен, анын ичинде дүйнөлүк стандарттар менен учуу алдындагы коопсуздук талаптарына жооп бербегендиктен улам ушундай чечим кабыл алган

Бирок 2023-жылдын октябрында минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өткөнүн билдирген

Аткаминер аудиттен өтүү менен, «Кыргызстандын авиация тармагы бардык эл аралык стандарттарга жана талаптарга жооп бере тургандыгын тастыктады жана бул аракеттер Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгууга өбөлгө болот» деп билдирген.