Президент Нурдан Орунтаевди Мамкурулуштун башчылыгына дайындады

9-ноябрда президент Садыр Жапаров Мырзабек Жыпаркуловду Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы кызматынан бошотуп, ордуна Нурдан Орунтаевди дайындады

Президенттик администрация мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысынын алмашуусуна түшүндүрмө берген жок.

Нурдан Орунтаев жана Мырзабек Жыпаркулов.

Нурдан Орунтаев өткөн жылдын январында Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментин жетектей баштаган. Ага чейин ИИМде иштеген

Ошол эле жылдын августунда Нурдан Орунтаев борбор калаанын вице-мэри кызматына дайындалган. Бул кызматта ал «муниципалдык аймакка мыйзамсыз курулганы» айтылган ар кандай объекттерди демонтаждоого жана бузууга жеке катышуусу менен эсте калды.

Мырзабек Жапаркулов Мамкурулуштун башчысы болуп 2023-жылдын январь айынан бери иштеп келе жаткан. Июль айында анын ишин минкабдын башчысы Акылбек Жапаров сынга алган. Ал ошондо Жапаркуловго «планга ылайык быйыл 100 мектеп курулушу керектигин эскертип, эгер план аткарылбаса аны мамлекеттик секторго киргизбей коюшарын» айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Минкаб төрагасы Мамкурулуштан 100 мектептин курулушун жыл аяктаганча бүткөрүүнү талап кылды