Баткендеги көмүр мафиясы: УКМК 87 млн сомдон ашык акча мамлекетке кайтарылганын билдирди

УКМК Баткендеги беш ишкана коңшу өлкөлөргө көмүрдү мыйзамсыз экспорттоп жүргөнүн аныктады. Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 87 млн 169 миң 537 сом кайтарылды.

Атайын кызмат зыяндын так өлчөмүн аныктоо үчүн Сүлүктү шаарынын аймагында көмүр казуу жана экспорттоо менен алектенген 29 ишкананын соңку алты жылда жасаган ишин жана салык докмунттерин текшерген.

«Мамлекеттик органдардагы кызмат адамдар узак убакыт бою ак ниетсиз иштеп келген компаниялардын салык базасын, көмүрдү казып алуусун, коңшу өлкөлөргө мыйзамсыз экспорттоодон келип түшкөн ашыкча пайдасын жашырууга колдоо көрсөтүп келгени тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынды», — деди УКМК.

Атайын кызматтан зыяндын ордун толтуруу иши жүрүп, башка ишканалардагы салыктык текшерүүлөр аяктап калганын кошумчалашты.

Буга чейин, 14-сентябрда бул иш боюнча беш киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалган аткаминерлерге «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козголгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК көмүрдү арзан баада экспорттоого тиешеси бар чиновниктердин тобун кармады

Президент өлкөдө коррупция 90%га жоюлганын билдирди