Видео: Экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын үйү толугу менен күйүп кетти

Бишкекте Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын үйү толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу 10-ноябрда экс-депутат өзү фейсбук барагына жазды.

Ошондой эле ал үйүнүн өрттөнүп кеткенден кийинки көрүнүшүн видеого тартып жүктөп, жардамга муктаж экенин белгиледи.

«Эки балам менен үйдүн ичиндеги күйүктөрдү чыгарууга аракет кылып жатабыз. Келиңиздер Ахунбаев менен Баха көчөсү, 27-линия 271 А. Желим өтүк, чака, фонарик, жардам керек, достор», — деди ал.

Кадыралиева тилсиз жоонун эмнеден улам келип чыкканын ачыктаган жок.

ӨКМдин маалыматына ылайык, экс-депутаттын үйүндөгү өрттү өчүрүүгө эки күжүрмөн топ тартылган. Кызматкерлер жерине саат 15:37де барса, 17:40та өрттү толугу менен өчүрүшкөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.

Министрликтен ошол эле күнү өлкө боюнча 17 өрт кырсыгы катталганын кошумчалашты.

Кадыралиева 2010-жылы СДПК фракциясынан парламенттин бешинчи чакырылышына депутат болгон. Быйыл да Бишкектин Ленин округу боюнча кайра шайлоодо депутаттыкка талапкерлигин коюп, жетиштүү добуш топтой алган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Басмачы эле болуп алышты». Кадыралиевдерден жабыркагандар акыйкат издейт