Орус армиясы менен келишим түзгөн кыргызстандык Украинада каза болгону кабарланды

Орус армиясы менен келишим түзүп, Украинадагы согушка кеткен кыргызстандык Мирлан Атабаев каза болду. Анын сөөгү 2-ноябрда Бишкекте коюлган. Маалымат 10-ноябрда Орусиянын Сургут шаарынын администрациясына таандык делген телеграм-каналга жарыяланды.

Мирлан Атабаев. Сүрөт: Сургут шаардык администрациясынын телеграм-каналы

Маалыматка ылайык, 41 жаштагы Атабаев Бишкекте туулуп, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. Үйлөнүп, кыздуу болгондон кийин үй-бүлөсү менен Сургут шаарына көчүп кеткен.

«2023-жылдын жайында Орусиянын коргоо министрлиги менен келишим түзүп, аткыч катары атайын аскердик операция өтүп жаткан жерге аттанган. Октябрда Донецк Эл Республикасынын аймагында каза болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта Атабаевдин орус жарандыгын алган-албаганы жазылган эмес. Маркумдун артында аялы жана балдары калды.

Украинада ажал тапкан кыргыздар

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага ири масштабда кол салган. Украинадагы аскердик аракеттери бүгүнкүгө чейин уланууда.

Ачык булактардагы маалыматка караганда, Орусия тарапта согушкан 30дан ашык кыргызстандык Украинада каза тапкан. Согушка ЧВК Вагнердин катарында кетип, ажал тапкан жок эле дегенде 17 кыргызстандык тууралуу белгилүү.

Кыргызстандын атайын кызматы кыргыз жарандары чет өлкөдөгү куралдуу кагылыштарга катышса кылмыш жоопкерчилигине тартыларын бир нече жолу эскерткен. Согуштук аракеттерге катышкандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камалышы мүмкүн.

Буга чейин, май айында кыргыз жараны болуп туруп, Орусиянын катарында Украинадагы согушка катышкан 31 жаштагы Аскар Кубанычбек уулу 10 жылга соттолгон.

Кийин Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарып, Кубанычбек уулунун кылмыш ишин Биринчи май райондук сотуна жаңыдан кароого жөнөтүүнү чечкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Украинада каза тапкан кыргыздардын жок эле дегенде 17си ЧВК Вагнер аркылуу согушка тартылган — Би-Би-Си