Муфтий: Никаб — ар кимдин өз укугу, бирок парз эмес

Муфтий Замир Ракиев никаб боюнча Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын позициясын билдирди. 

«Биз башынан хижабды колдоп келе жатабыз. А бардык жүзүн жаап алганды — никаб дейт. Никаб ар кимдин укугу, бирок парз эмес, эч кимдин укугун чектей албайбыз деген бүтүмгө Аалымдар кеңешинде келгенбиз», — деп айтты муфтий «Азаттыкка» берген маегинде.

Күн мурун парламенттин депутаты Шарапаткан Мажитова коомдук жайларда узун сакал өстүрүп жана бетин жаап, чүмкөнгөндөргө айыппул салган мыйзам долбоорун сунуштаган. Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Депутат жүзүн жаап кийинген же узун сакал өстүргөндөргө 2 миң сом (20 эсептик кɵрсɵткүч) өлчөмүндө айыппул салуу же болбосо 30 саатка чейинки мɵɵнɵткɵ коомдук иштерге тартууну сунуштаган. Ошондой эле ал эгер жаза чаралары колдонулгандан кийин кайталанса, 4 миң сом айып пул салуу же 40 саатка чейин коомдук иштерге тартууну айткан.  

Депутаттын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты адамдын өздүгүн идентификациялоо жана өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыздоо болуп саналат.