Бишкек: Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка жөнөткөн мыйзамсыз каналга бөгөт коюлду

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө ишке оноштуруу максатында мыйзамсыз жөнөткөн каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу 15-ноябрда Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. 

Маалыматта 9-ноябрда Бишкек ШИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматына мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү уруксат кагазы жок фирмалар Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө мыйзамсыз ишке орноштуруу кызматын көрсөтүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөнү айтылган. 

Тергөө иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз иш алып барган үч ишкана аныкталып, алардын 26 жаштагы жана эки 37 жаштагы директорлору кармалган. 

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Германияга жумушка жиберүүнү убадалап, тургундарды алдаган 26 жана 21 жаштагы шектүүлөр кармалган болчу

ИИМ чет өлкөдөгү жеке ишке орноштуруу агенттиктерине кайрылууда сак болууну жана ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензиянын болушуна көңүл бурууну эскертет. 

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Бишкек: Германияга жумушка жиберүүнү убадалап, тургундарды алдаган шектүүлөр кармалды

Чет өлкөдө жумушка орноштурууну убадалап алдап кеткендер боюнча 32 кылмыш иши козголду