«Психологиялык басымга кабылгам». Эки жашар кыздарын сабаган аял үн катты

Эки жашар эгиз кыздарын сабаган шектүү. Сүрөт: Видеодон скриншот

Ош облусунун Араван районунда эки жашар эгиз кыздарын сабагандан кийин камакка алынган 21 жаштагы аял кайненеси жана жарандык никедеги жолдошунун бир туугандары тарабынан психологиялык басымга кабылганын айтты. Бул тууралуу 16-ноябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Шектүү кайын журтунун «басымынан улам ызаланып, ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөнүн жана кайненеси балдарына зомбулук көрсөтүп келгенин» белгиледи.

«Алар мени (кайын журту — ред.) ар дайым кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүштү. Кыздарымды төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем, кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген», — деп билдирди аял.

Акыйкатчы институту 21 жаштагы аял «ата-энесинен эрте ажырап, чоң энесинин колунда өскөнүн, биринчи жолдошунан ажырашкандан кийин атасынын карындашы аны үйүнө киргизбей койгонун» маалымдады. 

«Мектепти 9-класска чейин окуп, кийин окуусун уланткан эмес. 18 жашка чыкканда турмушка чыгып, эгиз кыздуу болгон. Кийин жолдошу менен ажырашып кетип, балдары менен атасынын үйүнө кайтып келген. Бирок ажырашып келген атасынын беш балалуу карындашы анын үйүнө кирип алып, аны киргизбей койгон. Аял андан кийин никеге туруп, жолдошунун туугандарынын үйүндө жашап калат, бирок кайын журту анын кыздарын кабыл алышкан эмес», — деп айтылат акыйкатчынын билдирүүсүндө.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү аялдын айткан версиясын текшерүү үчүн тиешелүү органдарга билдирме жөнөттү. Аны менен катар, укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, кармалган аялдын жарандык никедеги жолдошунун апасына жана анын карындашына соттук-психиатриалык экспертиза дайындалды.

Акыйкатчы укук коргоо жана прокуратура органдарына кайрылып, кыздардын укугун коргоону камсыздоого чакырды.

Араван райондук соттук-медициналык экспертиза борборунун билдиришинче, сабалган наристелердин денесинде көптөгөн көк-ала тактар, шишиктер жана ийне менен сайылган тактар аныкталган. Медицина кызматкерлери жабыр тарткан кыздардын абалы орто оор, бирок туруктуу экенин белгилешти.

Ошондой эле райондук соцөнүктүрүү бөлүмү эки жашар кыздарга өткөн жылдын 1-майынан 2023-жылдын 30-апрелине чейин 1200 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнүп келгенин, ал эми тийиштүү документтер толук тапшырылбагандыктан май айынан бери төлөм берилбегенин билдирди.

Буга чейин Ош облусунун Араван районунун 21 жаштагы тургуну эки жашар эгиз кыздарын сабаган видео интернетке тарагандан кийин эки айга камакка алынган. Аял мындай кадамга «балдары заара ушатып койгону үчүн» барганын билдирген. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Эки жашар эгиз кыздарын сабаган 21 жаштагы аял эки айга камакка алынды