Ош: Эки жашар эгиз кыздарын сабаган 21 жаштагы аял эки айга камакка алынды

Шектүү. Сүрөт: Ош ОИИБ.

Ош облусунун Араван районунун 21 жаштагы тургуну эки жашар эгиз кыздарын сабаган видео интернетке тарагандан кийин эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 8-ноябрда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, белгисиз аял эки жаш баланы уруп жаткан видео мессенжерлердеги тайпаларда тарап жатканы тууралуу маалымат Араван РИИБине келип түшкөн. Окуя 6-ноябрда маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. 

Натыйжада, наристелерин сабоого шектүү катары Араван районундагы Юсупова айылынын 21 жаштагы тургуну кармалып, жаш балдар шектүүнүн 2 жаштагы эгиз кыздары экени аныкталды. Ошондой эле аял мындай кадамга «балдары заара ушатып койгону үчүн» барганын билдирди.

Окуя боюнча «Уруп-сабап кыйноо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Араван райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

«Учурда балдардын денесиндеги жаракаттарды жана психикалык бузулууларды аныктоо максатында экспертизалар дайындалып, ишти тиешелүү мамлекеттик социалдык мекемелер жүргүзүп жатат», — деп билдиришти милициядан.

Социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары Бактыбек Осмонов учурда балдар ооруканада атасынын жана туугандарынын көзөмөлүндө экенин билдирди. Анын айтымында, наристелердин атасы буга чейин Орусияда эмгектенип, 6-ноябрда Кыргызстанга кайтып келген.

«Бул айыл өкмөттө 2 социалдык кызматкер бар. Жакшы жашаган үй-бүлө болчу. Биз дагы тасма тараганда эле дароо милиция кызматкерлери, социалдык өнүгүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен барып кабар алдык. [...] Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. [...] Эгерде энесинин жаман адаттары болсо, буга чейин да ушундай окуялар кайталанган болсо, анда балдарды мамлекеттин деле кароосуна алып коебуз. Азыр фостердик үй-бүлөлөр бар. Мамлекет тарабынан бир балага 18 миң сомдон айына төлөнүп берилет», — деп билдирди Осмонов «Турмуш» басылмасына.

Юсупова айылынын башчысы Насридин Абдураимов өз кезегинде бул үй-бүлөгө социалдык кызматкерлер тарабынан жардам берилгенин белгиледи. Анын айтымында, балдар ур-токмокко алынган видеону шектүүнүн учурдагы күйөөсүнүн карындашы тартып алган. Эгиз неристелер аялдын биринчи турмушунан экени маалым болду.

Зомбулуктан жапа чеккен балдарга кантип жардам көрсөтсө болот?

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда сиз «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат, ошондой эле күнүгө күнү-түнү иштейт. Алар сизге консультация берип, психологиялык жактан жардам көрсөтө алышат. Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.

Зомбулукка кабыл болгон балдарга жардам бере турган борборлор иштейт. Төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

  • Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934
  • Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288
  • Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775
  • Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33. Телефон: 03945 24546

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: «Теремок» бакчасында балага зомбулук көрсөткөн тарбиячы иштен алынды

Башкы прокурор: 2022-жылы балдарга карата зомбулук боюнча 438 кылмыш иши козголду