Ташиев: Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 225 мамлекеттик кызматкер аныкталды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев жана бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар 225 мамлекеттик кызматкер аныкталганын билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлердин 133ү Көлбаев, 92си Матраимов менен жашыруун байланышта болгон. Алардын 70тен ашыгы кызматтан алынды.

«Бажы кызматында эле 85 кызматкер аныкталганын баса белгилегим келет. Алардын 50гө жакыны кызматтан алынды. Мамлекеттик кызматты таза эмес адамдардан тазалоо иштери бардык тармакта болот», — деди ал.

Ошондой эле Ташиев «биз бар болсок, мен тирүү болсом өлкөдө кылмыштуу топ жана коррупцияга каршы күрөш акырына — мыйзамдуулук орногонго чейин жүргүзүлөт» деп баса белгиледи.

Атайын кызмат 4-октябрда атайын операция учурунда «жок кылынган» кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн соң, түрдүү кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо иштерин күчөтө баштаган.

Райымбек Матраимов 2015-жылдан 2017-жылга чейин бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон. Бул тууралуу 2020-жылы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP’нин журналисттери бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөөсүндө айтып беришкен.

2021-жылдын башында Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажы төрагасынын экс-орун басары өзү да коррупцияны мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыян үчүн 2 млрд сом төлөгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 50гө жакын бажы кызматкери иштен алынды