Ош: Тургундан 220 миң сом опузалаган кылмыш чөйрөсүнүн эки өкүлү кармалды

Ош облусундагы Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургунунан опузалап акча талап кылган «кримтөбөлдүн түштүктөгү кеңешчиси» менен дагы бир шектүү кармалды. Бул тууралуу 20-ноябрда ИИМден билдиришти.

Шектүүлөр. Сүрөт: ИИМ.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында жабырлануучунун үйүнө бейтааныш адамдар Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаа менен келип, күч колдонуу менен эл жок жерге алып барышкан. Шектүүлөр тургунга «карыздар экенин» айтышып, төлөбөсө анын ордуна үйүн өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Ал эми жабырлануучу 220 миң сом акча берүүгө макул болгон.

Бул факт боюнча «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары Кара-Суу районунун 45 жаштагы жана Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну кармалды.

Милициядан шектүүлөр мурда бир нече жолу соттолушканын, ошондой эле алар «кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн арасында кадыр-баркка ээ» экенин билдиришти. Алардын биринин криминалдык чөйрөдөгү каймана аты «Профессор» экени маалым болду.

Учурда кылмышка шектүүлөр Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Буга чейин Чүй облусунун Кара-Балта шаарында ишкерди коркутуп, 45 миң доллар акча каражатын талап кылган беш шектүү кармалган. Аларга «Опузалап акча талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон, тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Балта: Ишкерди коркутуп, ири суммадагы акча опузалаган беш шектүү кармалды

«Интимдик сүрөттөрүңдү интернетке чыгарам». Жалал-Абадда опузалап аялдан акча алып жүргөн тургун кармалды