Кара-Балта: Ишкерди коркутуп, ири суммадагы акча опузалаган беш шектүү кармалды

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында ишкерди коркутуп, 45 миң доллар акча каражатын талап кылган беш шектүү кармалды. Бул тууралуу 9-ноябрда ИИМден билдиришти

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына тургундан ири өлчөмдөгү каражат талап кылган жарандар тууралуу маалымат быйыл сентябрда келип түшкөн. 

Топтолгон материалдардын негизинде «Опузалап акча талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин натыйжасында талап кылынган сумманын 165 миң сомун алып жаткан жеринен кылмышка шектүүлөр колго түшүрүлдү. 

Кылмышка шектүүлөр Панфилов районунун төрт тургуну жана Орусиянын 37 жаштагы жараны. Алар «акчасы бар адамдарды аныктап, ири суммадагы акчаны ай сайын берип турууну талап кылып коркутуп келишкени» айтылды.

Учурда шектүүлөр камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Интимдик сүрөттөрүңдү интернетке чыгарам». Жалал-Абадда опузалап аялдан акча алып жүргөн тургун кармалды

УКМК Кайгуул милиция кызматкерин опузалап 60 миң сом алган блогерди кармады