Акылбек Жапаров: «Бала бакча курганга даярбыз, бирок бизди балдарга тамак бергиле деп кыйнабагыла»

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров коомчулук өкмөттү бала бакчаларда балдарга тамак бергенге кыйнабашы керек деп билдирди. Бул тууралуу чиновник 20-ноябрда парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди

«Бала бакчалар боюнча, биздин позиция мындай — биз ошол бала бакчаларды куруп, ачып, аларды китеп менен камсыздаганга даярбыз, бирок биз философиясынан баш тарттык [...] Бизди балдарга тамагын бергиле деп кыйнабагыла. Мына азыр бала бакчага 24% эле бала барып жатыптыр, келгиле, андан көрө эмки жылы ошол 24 пайызды 40-50%га жеткирип, 50%га чейин жетели», — деди Жапаров. 

Анын айтымында, бала бакчалар балдарды биринчи нөөмөттө кабыл алып, аларды мектепке даярдашы керек, түштөн кийин экинчи нөөмөттү кабыл алышы керек. Жапаров ата-энелер бул позицияны колдошу керек, себеп дегенде бийлик балага керели-кечке кам көрө албайт деп эсептейт.

Ноябрдын башында бала бакчаларда балдардын тамак-ашын каржылоо толугу менен ата-энелердин мойнуна жүктөлөрү, себеби «Билим берүү жөнүндөгү» жаңы мыйзамда баланын ысык-тамагынын жарымын жергиликтүү бийлик органдары төлөгөн ченем жокко чыкканы белгилүү болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мындай чечим бала бакчаларга адатта бардар үй-бүлөнүн балдары барып, ал эми калктын аялуу катмарынын балдары мектепке чейинки билим берүү менен камтылбай калып жаткандыктан улам кабыл алынганын айткан. Анын айтымында, андан көрө муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына даректүү жардам көрсөткөн оң.

Азырынча мыйзамдын жаңы ченеми күчүнө кире элек, ошондуктан мамлекет бала бакчада балдардын тамак-ашынын жарымын төлөөнү улантып жатат. Билим берүү министрлиги Министрлер кабинетинин тийиштүү токтомун күтүп жатат. 

Өкмөттүн 2008-жылкы токтомуна ылайык, бюджеттен бала бакчада окуган тарбиялануучунун бир күндүк тамагына 18 сом бөлүнүп, дагы 18 сомду ата-энелер кошуп турган.