Диплом чырынан кийин мандатынан ажыраган Исмаиловдун ордуна Төлөнов депутат болду

Диплому «жасалма» экенине байланыштуу мандаты жокко чыгарылган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Фархат Исмаиловдун ордуна Чынберди Төлөнов дайындалды. Бул тууралуу 21-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, БШКнын 21-ноябрдагы жыйынында Төлөнов «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

«Исмаиловдун каттоосу жокко чыгарылганы тууралуу токтом 6-июлда кабыл алынып, чечим соттор тарабынан мыйзамдуу деп табылып, күчүндө калтырылган. Ушуга байланыштуу бош калган мандат “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде катталган кийинки талапкерге өткөрүлүп берилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Чынберди Төлөнов 52 жашта. Ал Ош облусунун Өзгөн районунун Кысык-Алма айылында туулган. Жогорку билимдери — агроном, юрист. 2019-2021-жылдары Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын мамлекеттик имараттар департаменти ишканасынын директору болуп иштеген.

Диплом чыры 

Октябрь айынын аягында Жогорку сот Фархат Исмаиловду депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Аны менен катар, мандатынан ажыраган дагы бир депутат Фарходбек Алимжанов дагы Жогорку сотко даттанган.

Эки депутаттын мандатынан ажыраганы тууралуу 6-июлда белгилүү болгон. Мындай чечимге алардын дипломдорунун жараксыз деп табылганы негиз болгон.

Кийин алар Боршайкомдун чечимине каршы сотко доо арыз менен кайрылган, бирок Бишкектин административдик соту арызды канааттандырган эмес.

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев «депутат болуу үчүн талапкер жогорку билимдүү болуш керек» деген талап 2021-жылы киргизилгенин билдирген. Анын айтымында, ага чейин талапкерлерден диплом талап кылынчу эмес.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өткөн жылы марттан тарта УКМК бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын жана кош жарандуулугун текшере баштаган.

Атайын кызматтан жасалма диплом эң эле көп берилген окуу жай катары Кыргыз улуттук университети шектелерин билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку сот Исмаиловдун депутаттык мандатын жокко чыгаруу чечимин күчүндө калтырды

Улуттук университет: Депутат Фархат Исмаиловдун атына диплом берилген эмес