Кыргызстандын бокс боюнча курамасы эл аралык мелдеште беш медаль жеңди

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасы Беларуста өткөн эл аралык мелдеште эки алтын, эки күмүш жана бир коло медалга ээ болду. Бул тууралуу 24-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Kyrgyz Republic Boxing Federation (@boxingkyrgyzstan)

60 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Мунарбек Сейитбек уулу финалда беларустук спортчуну жеңсе, 48 килограмм салмакта Анвар Ходжиев орусиялык мушкерди утуп, алтын медаль тагынышты.

Ал эми Аскат Култаев (67 кг) менен Бакыт Токтосун уулу (92 кг) күмүш медалга ээ болсо, коло байгеге Баяман Азизбек уулу (57 кг) татыды.

Советтер Союзунун баатыры Виктор Ливенцевдин жаркын элесине арналган эл аралык турнир 18-23-ноябрь күндөрү Беларустун Минск шаарында өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркменстан, Беларус, Орусия, Кытай, Тажикистан жана Конгодон келген 107 спортчу катышты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Дүйнө чемпионатында коло медаль утту