ТИМ: Газа тилкесинен эки кыргызстандык эвакуацияланды

24-ноябрда согуштук кырдаалга кептелген Газа тилкесинен эки кыргызстандык Египет аркылуу ийгиликтүү эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Алар Каир — Москва маршруту аркылуу Орусияга жетип, мейманканага жайгаштырылды. Министрликтен Газадан чыгып кетүүнү каалаган кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча иштер уланарын кошумчалашты.

Буга чейин министрлик Палестина менен Израилдин ортосундагы жаңжалга байланыштуу кыргызстандыктарды Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барбай туурууну эскерткен.

Газадагы кырдаал

7-октябрда ХАМАС радикал тобунун күчтөрү Израилдин түштүгүнө чабуул жасаганы кабарланган. Натыйжада болжол менен 1400 адам каза болуп, эки жүздөн ашуун адам барымтага алынганы айтылган.

Израиль буга жооп кылып, Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштаганын жарыялаган. Операциянын максаты ХАМАСты толугу менен жок кылуу экени белгиленген.

Газа бийлигинин 22-ноябрдагы маалыматы боюнча, Израилдин операциясы башталгандан бери Газа тилкесинде 14 миңден ашык адам каза болгон, алардын арасында 5800дөн ашык жаш бала жана 3900дөн ашуун аял бар.

БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, Газа тилкесиндеги бир миллиондон ашык киши үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

24-ноябрда Израил бийлиги менен ХАМАС уюмунун ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, согуштук аракеттер төрт күнгө токтогону айтылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров: Кыргызстан палестин элинин суверендүү мамлекет түзүүгө болгон мыйзамдуу укугун тааныйт

Садыр Жапаров Газа секторундагы согуштук аракеттерди токтотууга чакырды