№47 абактын ордуна курулуп жаткан үйлөрдүн биринчилери 2024-жылы күзүндө колдонууга тапшырылат

Бишкекте мурдагы № 47 түзөтүү абагынын ордуна курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн 11и 2024-жылдын сентябрында эксплуатацияга тапшырылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, ал 986 батирден турган 18 кабаттуу үйлөр.

Алагөзов билдиргендей, президент Садыр Жапаров 26-ноябрда мамлекеттик ипотекага берүү максатында курулуп жаткан үйлөрдүн курулушунун курулушунун жүрүшүн пландан тышкары барып текшерген.

«Курулуш жүрүп жаткан аймакта 39 көп кабаттуу үй курулат жана мамлекеттик ипотека программасы аркылуу жеңилдетилген шартта жарандарга берилет. Президент Садыр Жапаров курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керек экенин баса белгиледи», — деп жазды ал Фейсбук барагында президенттин курулушчулар менен сүйлөшүп жаткан учурунан видеону жарыялап.

2022-жылдын июлунда минкаб Бишкектеги №47 абакты жоюуну чечкен. 2023-жылдын башында колониянын ордуна 10 миң батирлүү кичи район курулары белгилүү болгон. Турак жайлар Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилет.

Президенттин мурдагы басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жеткиликтүү турак жайларды куруу үчүн донорлор менен финансылык ресурстарды тартуу иштери уланып жатканын билдирген. Алсак, Сауд өнүктүрүү фонду жеткиликтүү турак жай курууга 100 млн доллар бөлөт.