Арзан турак жай курууга 100 млн долларлык кредиттик макулдашуу биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеш 14-июнда Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «“Кыргызстанда турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асыкулов фонд долбоорду ишке ашыруу үчүн 100 млн АКШ доллары өлчөмүндө насыяны жылдык 1,5% кредиттик комиссиясы, 5 жылдык жеңилдетилген мезгили менен 25 жылдык мөөнөткө берерин айтып берди.

«Кыргызстандагы турак жайды каржылоо» долбоору боюнча аянты 40 чарчы ментрден 85 чарчы метрге чейин 3 миң арзан турак жай куруу пландалууда. Бийлик долбоорду 2028-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү көздөйт.

Мамлекеттик ипотекалык компания бул долбоордо тартылган каражаттардын оператору болот, жер участокторун берет жана «Менин үйүм 2021-2026» программасы боюнча кийин жарандарга сатып алуу шарты менен ижарага берилүүчү арзан турак жайдын курулушун каржылайт.

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда жеткиликтүү турак-жай куруу үчүн 100 млн доллар бөлөрү президент Садыр Жапаровдун Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушуусунда белгилүү болгон.

Жеткиликтүү турак-жай

Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компаниядан республиканын бардык аймактарында «Жеңилдетилген ипотека» (жылына 4%) жана Бишкек жана Ош шаарларында «Жеткиликтүү ипотека» (жылына 8%) багыты боюнча ипотекалык насыяларды берүү токтотулганын билдиришкен. Өлкө бийлиги финансылык ресурстарды арзан турак жайларды курууга багыттоо чечимин кабыл алганы белгиленген.

Курулуп бүткөндөн кийин бул турак-жайлар «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берилет. Мындай батирлердин бир чарчы метри 550 долларга чейин турат.

Апрель айынын орто ченинде президент Садыр Жапаров Бишкекте «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында ишке ашыруу пландалып жаткан 6 миңден ашык батирдин курулушу башталганын билдирген. Ал алдыда мындай үйлөрдүн курулушу бардык аймактарда уланарын белгилеген.