Кесиптик кошуундар федерациясынын санаторийлери Президенттин иш башкармалыгына убактылуу өткөрүлөт

Президент Садыр Жапаров «Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 27-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди

Жарлыкта президент бир катар тапшырмаларды берди. Биринчиден, Жапаров  2027-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын эсебинен Кыргызстандын бардык аймагындагы санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолорду берүүгө мораторий киргизди. Жарлыкка ылайык, фондго түшүп жаткан каражаттар санаториялык-курорттук мекемелердин объекттерин капиталдык курууга жана оңдоого, ошондой эле алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

Ошондой эле Жапаров Кесиптик кошуундар федерациясына 2023-жылдын 31-декабрына чейин менчигиндеги санаториялык-курорттук мекемелердин бардык объекттерин Президентинин иш башкармалыгына убактылуу акысыз пайдаланууга өткөрүп берүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Президенттик иш башкармалыгына 2023-жылдын 31-декабрына чейин жогоруда көрсөтүлгөн объекттерди убактылуу пайдаланууга кабыл алуу жана «иштеп жаткан санаториялык-курорттук жана туристтик объекттерди заманбап талаптагыдай түргө келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү» тапшырылды.

Октябрдын аягында Кесиптик кошуундар федерациясы фондго караштуу ден соолукту чыңдоочу жайлар «бүгүнкү күндө материалдык-техникалык базасын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын түп-тамырынан жакшыртууга муктаж экенин» мойнуна алган. Ушундан улам, Кесиптик кошуундар федерациясы өзүнүн курорттук объектилерин минкабга өткөрүп берүү тууралуу кайрылуу жасаган

Федерациянын маалыматына ылайык, акыркы 10 жылда эле курорттук-санаторияларга даарылануу үчүн 220 миңден ашык адам келген. Алар кесиптик кошуундардын курорттук-санаториялык комплекстери чоң потенциалга ээ экенин, бирок шарттарын жакшыртууга «чоң капиталдык каржы керектигин», ал эми профсоюздун андай мүмкүнчүлүк жоктугун белгилешкен.  

Ал эми сентябрда Президент Садыр Жапаров Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчилигин санаторий-курорттук жана туристтик объектилерди натыйжасыз башкарганы үчүн катуу сынга алган. Ал Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчилерине кайрылып жатып, «30 жылда [...] баарын сатып жибергенсиңер. Кыргызстанды айтабыз, туризм менен өнүксөк болот, укмуш туристтерди тоссок болот деп, киши эмес, бул жерге ит келбейт» деп билдирген.

Ага чейин убактылуу депутаттык комиссия Кесиптик кошуундар федерациясынын ишин текшерүү боюнча ишинин жыйынтыгы менен тааныштырган. Комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы Кесиптик кошуундар федерациясынын карамагындагы мүлктөрдүн жарымынан көбү 1992-жылдан бери мыйзамсыз сатылып кеткенин көрсөткөн. Буга профсоюздардын жетекчилеринин, депутаттардын, министрлердин жана башка чиновниктердин тиешеси бар экени белгиленген.

Профсоюздун мүлкүн мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча 29 кылмыш иши козголуп, алардын үчөө гана сотко жетип, 26 иш кыскартылып кеткени кабарланган.