Адвокат: Чечен активисти Мансур Мовлаев Кыргызстандан чыгып кетти

Чечен активисти Мансур Мовлаев Чеченстанга депортацияланып калбаш үчүн Кыргызстандан чыгып кетти. Активисттин айтымында, аны мекенинде коркунуч тооруп турат.

Анын адвокаты Бакыт Атандил «Кавказ.Реалии» басылмасына курган маегинде, Мовлаев өлкөдөн Бишкек шаардык соту аны камактан бошотуп, бирок өлкөдөн чыгаруу чечимин күчүндө калтыргандан кийин чыгып кеткенин билдирген.

«Ал депортация болуп калбаш үчүн республикадан чыгып кетти. Кантип чыгып кеткенин билбейм. Ал соттун чечимин аткарып, Кыргызстандын аймагынан өз алдынча чыгып кетти десек болот», — деди ал, Мовлаевдин жүргөн жери коопсуздук максатында ачыкталбасын белгилеп.

Мовлаевдин кармалышы

Чечен активисти Мансур Мовлаев кармалганын укук коргоочу Төлөкан Исмаилова 20-августта айтып чыккан. Кийинчерээк УКМК активист кармалганын тастыктаган.

Атайын кызмат Мовлаев 20-августта Ысык-Көл облусунун аймагынан «эл аралык террористтик уюмдарга каршы жүрүп жаткан иш-чаралардын алкагында» кармалганын, ал Орусияда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөнүн билдиришкен.

УКМКнын маалыматына ылайык, активист «радикалдык идеологиялар» менен байланышы бар. Ошондой эле, атайын кызматтын маалыматына ылайык, Мовлаев январь айында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, өлкө аймагында Орусиянын жаранынын жасалма паспортун алып жүргөн.

Активист кармалгандан кийин 1ADAT оппозициялык кыймылынын өкүлдөрү 20-августта өздөрүнүн YouTube каналында Мовлаевге арналган видео чыгарышкан. Алардын айтымында, активист чечен бийлигин сындап жүргөн.

Алардын айтымында, чечен бийлиги 2022-жылы Мовлаевди уурдап, түрмөдө мыйзамсыз кармап, кыйнашкан.

1ADAT’тын өкүлдөрүнүн айтымында, Мовлаев абактан Кыргызстанга качып чыгып кеткен. Оппозициялык кыймыл активист «Манас» аэропортунан Түркияга учмак болгонун, бирок аны Кыргызстандын УКМКсы орус кесиптештерине ФСБнын талабы менен кармап бергенин айтууда.

1ADAT эгер Мовлаев Чеченстанга экстрадицияланса, өлкө бийлиги анын көзүн тазалайт деп чочулоодо.