УКМК экс-депутат Борис Сандын уулун Көлбаевдин УКТсын каржылоого шектеп кармады

28-ноябрда УКМК экс-депутат Борис Сандын уулу — Александр маркум киримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун (УКТ) каржылоого шектелип кармалганын билдирди.  

Александр Сан. Сүрөт: УКМК 

Александр Санга карата «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо» жана «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. УКМК Сан 2024-жылдын 4-январына чейин Мамкомитеттин тергөө абак жайына киргизилгенин билдирди. 

Тергөөнүн версиясы боюнча, Сан Илшат Салимов менен («Мадина» базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимовдун уулу) сүйлөшүп алып, коркутуу аркылуу  курулуш компанияларынын биринен 300 миң доллар турган премиум класстагы кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алышкан. 

УКМК аталган компания Турсунтай Салимовго таандык болгон мурунку бала бакчанын аймагына көп кабаттуу премиум класстагы турак жай курууну пландаган курулуш компаниясы экенин белгиледи.

«Кийинчерээк бул батирди К.Асанбек (Көлбаев) Чолпон-Ата шаарындагы имараты бар жер участогуна (мурдагы “Зодиак” казиносу, Сан Б.А.га таандык)  соода борборун куруу максатында алмаштырып алган», — деп түшүндүрдү УКМК. 

Ведомство аталган батир «Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу менен алектенген» Александр Сандын наамына катталганын да кошумчалады.  

«Ошондой эле, Сандын үй-бүлөсү 59 бирдик кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө, анын ичинде жалпы баасы 80 млн АКШ долларын түзгөн коммерциялык багыттагы мүлккө ээ экендиги боюнча маалымат алынган. Тактап айтканда, Бишкек шаарында жалпы аянты 61 миң 918 чарчы метр, 50 миллион АКШ долларын түзгөн кыймылсыз мүлк, анын ичинде учурда курулуш жүрүп жаткан, аянты 20 миң 800 чарчы метр мурдагы “Сан сити” комплекси», — деп билдирди Мамкомитет. 

Мындан тышкары, УКМК Сандын үй-бүлөсү Ысык-Көл облусунда да  кыймылсыз мүлктөргө ээлик кыларын билдирди, мисалы, «Ак-Марал» эс алуу борборундагы Көлбаевдин коттедждеринин жанында жайгашкан коттедждер. УКМКдан бул «алардын туруктуу байланыштарын көрсөтүп турат» деп белгиледи.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Сандын үй-бүлөсү Ысык-Көл облусунда дагы баасы 15 млн долларлык курорттук-рекреациялык зоналарда жайгашкан жер тилкелерине ээлик кылат. 

«Ошондой эле, Сандын үй-бүлө мүчөлөрү курулуш, коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси жана дүң жана чекене соода тармагындагы 11 ЖЧКнын тең түзүүчүлөрү болуп саналышат, ошондой эле Кыргызстандын чегинен тышкары жакта ишканалары бар экени аныкталган», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

«Мадина» базарынын негиздөөчүсүнүн уулу Илшат Салимов УКМК тарабынан издөөгө 20-ноябрда алынган. Анда атайын кызмат Салимов Сан сыяктуу эле Көлбаевдин УКТсын каржылап турганын билдирген.

Салимовго «Уюшкан топту жана кылмыштуу коомдоштукту каржылоо» жана «Бүтүм жасоого же жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу, зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен адамдар тобу тарабынан байкабастыктан оор зыян келтирүү» беренелери менен сыртынан айып тагылганы кабарланууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Салимов Көлбаевдин таасирин пайдаланып, коркутуу жолу менен өз өнөктөштөрүн ар кандай бизнес-долбоордогу үлүшүнөн мыйзамсыз ажыратып, ал кирешеге жер тилкелерин сатып алып, үлүштүк катышууга жамынып, Көлбаевдин кылмыштуу тобуна демөөрчүлүк кылган.

УКМК Турсунтай Салимовдун өзүн да УКТны каржылоо иши боюнча шектеп, 2023-жылдын октябрында кармаган.

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 4-октябрда УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Атайын кызмат мыйзамдары ууру кармоо учурунда «куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн» жооптуу ок чыгаруу менен «жок кылынганын» билдирген.

Андан кийин УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн кармоо иштерин күчөтө баштаган. Октябрдын башында эле атайын кызмат жалпы жону Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 40тан ашуун активдүү мүчөсү менен лидерлери колго түшкөнүн билдирген. Кармалгандардын арасында айрым ишкерлер да бар.