Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

29-ноябрда Жогорку Кеңештин кеңейтилген жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Тууну өзгөртүүгө 66 эл өкүлү макулдугун берди, ал эми 8 депутат каршы добуш берди.

Айрым эл өкүлдөрү «аталган чечимди кабыл албай, маселе референдумга коюлушу керектигин» айтышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — парламеттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов туудагы күн нурларынын формасын, ошондой эле түндүктөгү чамгарактарды төрткө чейин көбөйтүүнү сунуштап жатышат. 

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Шакиев өз кезегинде желекти алмаштырууга мамлекеттик бюджеттен эч кандай каражат кетпешин айтып, «бардык чыгымды төлөп бере турган демөөрчүлөр бар экенин» белгиледи. Бирок алар кимдер экенин тактаган жок. 

Шакиев желек этап менен алмаштырыларын белгилеп, бул маселени «трагедия кылбоого» чакырды. 

Демилгечилер эл өкүлдөрү тарабынан сунушталып жаткан желектин варианты түп нуска экенин, ал эми азыркы желек мурдагв парламент тарабынан өзгөртүлүп, «күн карамага окшошуп калганын» айтышууда. Шакиевдин айтымында, учурдагы туу кабыл алынып жатканда талаш-тартыштар болуп, айрымдар мамлекеттик символду «күн карама» деп атап алышкан.

Депутат Дастан Бекешев мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш берди. Ал аны мындайча түшүндүрдү:

«Мен мамлекеттик туубузду көргөн эмесмин, ошондуктан анын эстетикалык көрүнүшүнө токтолбой эле коёюн. Бирок акылым менен кандай гана туу болбосун ал өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болгон эмес жана боло албастыгын түшүнүп турам. Мамлекеттик тууну өзгөртүү — бул тарыхыбызды кайра жазып чыгуу үчүн түрткү гана болууда», — деди эл өкүлү.

Андан сырткары депутат Бекешев өзүнүн телеграм каналында мамлекеттик тууну өзгөртүүгө добуш бергендердин тизмесин жарыялады.

ТЕМА БОЮНЧА: 

ЖК тармактык комитети тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды