ЖК тармактык комитети тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин мүчөлөрү 28-ноябрдагы жыйында тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.  

Мыйзам долбоорунун демилгечилери парламеттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Алар туудагы күн нурларынын формасын, ошондой эле түндүктөгү чамгарактарды төрткө чейин көбөйтүүнү сунуштап жатышат. 

Туунун депутаттар сунуштап жаткан варианты. Сүрөт: Sputnik Кыргызстан.

Демилгечилердини пикиринде, учурда «түндүк менен күн нурунун көрүнүшүндө диллема пайда болуп жатат». Алар туу боюнча «түрдүү чечмелөө бар, сүрөттөлүшү күн карамынын гүлүнө же болбосо боз үйдүн тышкы бетине окшош сыяктуу» деп айтышууда.

Примов комитет жыйынында сүйлөп жатып, «туунун сүрөттөлүшү ар кандай чечмеленген жагдайды жоюш үчүн чара көрүүгө мезгил келип жетти» деп белгиледи.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын туусуна күн нурларынын жаңы эскизин иштеп чыгуу үчүн азыркы мамлекеттик символиканын авторлору тартылып, алар математикалык эсептерди жүргүзүп, чиймелерин тартып, тийиштүү иштерди жасашкан. Туунун авторлорунун бири Жусуп Матаев комитеттин жыйынында туунун азыркы версиясы өзгөртүүгө дуушар болгонун, башында так күн нурун элестетип турган форма сунушталганын белгиледи.  

Парламент комитетинин жыйыны. Сүрөт: ЖК басма сөз кызматы.

Буга депутат Дастан Жумабеков жооп берип, демилгечилерден аларда күндүн нурлары түз экенине далил келтире алышабы деп сурады. Ошондой эле эл өкүлү тууну өзгөртүү маселеси боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады.

«Депутаттар мыйзам долбоорун колдоп берсе арийне [кабыл алынат], бирок бул элдин арасында кандай кабыл алынат [...] Менин өзүмдүн оюма койсоңуздар, көнүп калган туум алдымда турат. Эгер кабыл алынса айла жок, көпчүлүккө, ушул тууга да баш ийемин. Бизде бир гана туу болушу керек», — деди Жумабеков.

Депутаттардын тууну өзгөртүү боюнча демилгеси коомчулукта кызуу талкууларды жараткан.

Тууну өзгөртүү демилгесин президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да колдогон. Өлкө башчысынын айтымында, «Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келди», ошондуктан «тууга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келген».

Ал туу өзгөрсө «мындан ары күн бизди карап жылмайып тургандай болот», ал эми Кыргызстан «эч кимдин көзүн карабай, өз алдынча жаркырап өнүгөт деп жакшы ниет кылуу» керек деп эсептейт.

Өзгөртүүлөргө парламенттин айрым депуттары, ошондой эле мамлекеттик символдун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков дагы каршы чыккан. Анын айтымында, депутаттардын туудагы толкун болгон нурларды түз кылып өзгөртүү сунушу — «эң эле жаман вариант, жамандын жаманы». 

Мындан тышкары, айрым соцтүйүн колдонуучулары да депутаттарды мамлекеттик символиканы өзгөртпөөгө чакырып, #тууөзгөртүлбөсүн деген флешмобду башташкан.