УКМК: Мектепте бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан үч окуучу кармалды

Бишкектеги мектептерде бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан 13-14 жаштардагы үч мектеп окуучусу кармалды. Бул тууралуу 1-декабрда УКМКдан билдиришти. 

Сүрөт: УКМК

Маалыматка ылайык, №33 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары «бейбаштык максатында аталган мектептин электрондук дарегине жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөнү» аныкталды. 

Атайын кызматтан окуучулар «окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында фейк аккаунттар аркылуу мектептин электрондук дарегине жалган билдирүүлөрдү таратышканын» билдиришти.

«Тартип бузган мектеп окуучулары жасаган кылмыштарын ата-энелеринин көзүнчө  моюнга алышты. Учурда бул өспүрүмдөрдүн Бишкектеги жардыруулар тууралуу анонимдүү маалыматтарды таратканы жана башка ушул сыяктуу иштерге катыштыгы такталууда», — дешти УКМКдан.  

УКМК террордук актылар тууралуу жалган маалыматтарды аныктоо үчүн бардык керектүү техникалык мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиледи. Буга байланыштуу атайын кызмат кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн ата-энелерге балдары менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштайт.

Кылмыш-жаза кодексинин «Билип туруп, террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо»беренесине ылайык, жардыруу тууралуу жалган маалымат тараткандар 1-3 жылга түзөтүү жумуштарына тартылат, 50 миңден 100 миң сомго чейин айыпка жыгылат, же беш жылга чейин соттолот.

Бишкекте жыл башынан бери ондон ашуун мектепке бомба коюлганы тууралуу билдирүү тушүп, окуучулар эвакуацияланып, окуу үзгүлтүккө учураган болчу. Бирок имараттан эч кандай жардыруучу зат табылган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:         

ИИМ: Мектепте бомба бар деп жалган маалымат тараткан 14 жаштагы окуучулар кармалды

Бишкек: Тогуз мектептин окуучулары бомба тууралуу билдирүүдөн улам эвакуацияланды