«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовдун абактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Биринчи май райондук сотунун 30-ноябрдагы чечими менен, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовдун абактагы мөөнөтү 2024-жылдын 4-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу «Клоопко» 4-декабрда соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Салимовдун кармалганы тууралуу үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында белгилүү болгон. Ага «Уюшкан кылмыштуу топко катышуу»  беренеси боюнча айып тагылып, 4-декабрга чейин УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген.

ЖМКда Салимов кармоо учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы экени айтылган. Бирок Салимов өзү сотто бул маалыматты четке кагып, Көлбаев жөн эле кошунасы экенин билдирген. 

«Биз аны менен кээде көрүшүп, учурашып калчубуз. Ошон үчүн эле бүгүн мына ушул жерде отурам. Ал экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок», — деген ал.

Кийин, УКМК Салимовго «Уюшкан кылмыштуу топко катышуу», «Курал, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү», «Кылмыш жасоого аракеттенүү» жана «Адам өлтүрүү» беренелери менен иш козголгонун билдирген

УКМКнын маалыматына ылайык, Көлбаев жана анын жан-жөкөрлөрү опузалаган мүлктөрдү мыйзамдаштырууга жана өзгөчө оор кылмыштарга катыштыгы бар 20дан ашык киши кармалды — анын арасында Салимов да бар.

«Салимов Көлбаевдин кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүнө дайым демөөрчүлүк кылганы, тактап айтканда, ал “топту” каржылап, укук коргоо органдары, сот системасы жана башка мамлекеттик кызматтардагы коррупционерлерге пара берүү жолу менен жашоо-тиричилигин жана жазадан кутулуу аракетин көрүп келгени аныкталды», — дешкен атайын кызматтан.

Аны менен катар, Салимов Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелериндеги уюшкан топтун мүчөлөрүнүн материалдык абалын чыңдоо, абактагы кармоо шарттарын жакшыртуу максатында «греф» берип келгенин белгилешкен.

«Салимов мыйзамдагы уурунун жана анын кылмыштуу байланыштарын мезгил-мезгили менен өз керегине жана жеке кызыкчылыгына, атаандаштарын жана башка адамдарды коркутуп-үркүтүү, кысымга алуу максатында пайдаланып, алардын активдерин жана бизнес долбоорлорун куугунтуктоого жана өзүнө ыйгарып алган фактылар аныкталды», — дешкен УКМКдан. 

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов эки айга камалды

«Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылаган». «Мадина» базарынын ээси Салимовдун уулу изделүүдө