«Парламентке шек келтирүүдө». Байсаловго чара көрүү маселеси кайра көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин 6-декабрдагы жыйынында министрлер кабинетинин төргасынын орун басары Эдил Байсаловго чара көрүү маселеси кайрадан көтөрүлдү.

Эл өкүлү Аида Исатбек кызы парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин 4-декабрдагы жыйыны Байсаловдун айынан аягына чыкпай калганын айтып, нааразы болду.

«Жыйында мамлекеттик жөлөк пул маселеси каралып жатса, “бул мага тиешелүү эмес” деп каратып туруп чыгып кеткени, комитеттин ишин, өкүлүн, өкмөттүн өкүлдөрүн теңине албаганын билдирет. Мындан сырткары мамлекеттик кызматкерлердин этикасын сактабай, депутаттар менен кайым айтышып, парламенттин аброюна шек келтирип жатат», — деди ал. 

Исатбек кызы парламент көз карандысыз орган экенин баса белгилеп, принципти сактап калуу жана парламент менен микабдын ортосундагы карама-каршылыкты токтотуу максатында Байсаловдун ишин чоң жыйынында кароону сунуштады.

«Дайыма эки бийлик бутагынын ортосуна чыр салуу бул кишинин эң негизги максатындай көрүнөт. Социалдык маселелерди чечпейби, бүгүнкү күндө толгон-токой маселе бар да. Аны чечкендин ордунда, парламентке асылып, депутаттарга шек келтирип жүрөт», – деп нааразы болду депутат айым. 

«Ынтымак» фракциясынын лидери Марлен Маматалиев да бул боюнча фракция атайын жыйын өткөрөрүн белгиледи.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев бул терс көрүнүш экенин айтып, мындай жүрүм-туруму үчүн Байсаловго сөзсүз чара көрүлөрүн билдирди.

Байсаловго карата нааразычылык

Парламенттин 4-декабрдагы комитет жыйынында Исатбек кызы менен Байсалов айтыша кеткен. Депутаттар Байсаловдун эл өкүлүн «тиги кыз» деп атаганына нааразы болушкан. Ал болсо муну депутатка фамилиясы менен кайрылганда «микрофондүн өчүк болуп калганы» менен түшүндүргөн.  

Сентябрда Байсалов парламент төрагасы менен депутаттардан расмий кечирим сураган. Ал депутаттардын «ыйгарым укугу менен макамына жана өлкөдөгү элдик бийлик, демократияга шек келтирүүгө укугу да, ниети да жок болгонун» баса белгилеген.

Анда Шакиев бул боюнча президент менен сүйлөшкөнүн, өлкө башчысы Байсалов депутаттардан кечирим сурай турганын жана бул акыркы эскертүү экенин айтканын билдирген болчу.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Президент Эдил Байсалов менен Алтынбек Максутовго эскертүү берди

«Акыркы эскертүү». Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурады