Активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка чакырууга айыпталып кармалды

9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү пландаган жарандык активист Автандил Жоробеков калаа милициясы тарабынан кармалды. Ал эки суткага убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Жоробеков кармалганга чейин Фейсбуктагы барагына видео кайрылуу жарыялап, Бишкек ШИИББине суракка чакырылганын, ал жерден кармалышы мүмкүн экенин билдирген.

Укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова билдиргендей, активистке КР Кылмыш жаза кодексинин 278 беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар» беренеси боюнча айып тагылды. 

Жоробековдун адвокаты Махабат Мамасалиеванын айтымында, милиция активисттин 6-декабрда Фейсбуктагы барагына жүктөлгөн видеого көңүл бурган. Ал видеодо Жоробеков бийлик «өлкөдө жашоо оңолот деп дайыма убада берип, бирок ал аткарылбай, эми болсо ал өлкөнүн өнүгүшүнө желек тоскоол болуп жатат деп чечкенине» нааразы болгон. Активист желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирген.

Активисттин адвокаты милиция Жоробековдун үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн да билдирди.

Афтандил Жоробеков 9-декабрда Бишкектин М.Горький атындагы паркта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү пландап жаткан. Ошондой эле активист 3-декабрда «Туудан колуңду тарт» деген автожүрүш дагы өткөрмөк болчу, бирок ал дагы өтпөй калган.  

2-декабрь күнү Жоробеков акциялар пландалгандыктан улам алгач Октябрь РИИБде, андан соң УКМКда сурак берген. Ал эми 3-декабрда милиция кызматкерлери автожүрүш өтө турган жерге келип, сот Бишкектин Октябрь районунда массалык чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салганын эскертип, машиналарга орнотулган байрактарды алып салууну талап кылышкан. Андан кийин акцияга катышууга келгендер 9-декабрда М.Горький атындагы паркта өтө турган митингге катышууну чечип, чогулган жерден таркап кетишкен.

Тууну өзгөртүү демилгеси

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырып беришкен. Мыйзам долбоорунун демилгечилери — парламеттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. 

Тууну өзгөртүү демилгесин президент Садыр Жапаров да колдоп оюн айткан. Өлкө башчысынын айтымында, «мындан ары күн бизди карап жылмайып тургандай болот, ал эми Кыргызстан туудагы түндүгүбүздөн күн бизге шооласын чачып турган сымал, эми эч кимдин көзүн карабай, өз алдыбызча жаркырап өнүгөбүз». 

Өзгөртүүлөргө парламенттин айрым депутаттары жана туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков да каршы чыккан. Мындан тышкары, соцтүйүндүн айрым колдонуучулары бул демилгеге каршы болуп, #тууөзгөртүлбөсүн деген флешмобду башташкан.