Ташиев соодергерлердин ККМге каршы митингдерин уюштургандарды табууну тапшырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү колдонууга каршы митингдерди уюштурууга тиешеси бар адамдарды табууну тапшырды. Атайын кызматтын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай тапшырманы Ташиев 8-декабрда УКМК менен Мамлекеттик салык кызматы катышкан кеңешмеде берди. 

Атайын кызмат билдиргендей, Ташиев бул кеңешмени «жаңы салык системасын оптималдаштыруунун алкагында, ошондой эле айрым деструктивдүү күчтөр тарабынан өлкөдөгү ири базарлардын соодагерлеринин митингдерин уюштуруу аркылуу коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аракетинин алкагында» өткөргөн.  

«УКМКнын башчысы УКМК жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине ишкердик субъекттери, анын ичинде өлкөнүн ири соода жана оюн-зоок борборлорунун ээлери тарабынан чыныгы кирешелерди жашыруу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча, митингдерди уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, Салык кызматында тиешелүү кадрдык иштерди жүргүзүү менен мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин арасында коррупцияны жана паракорчулукту жоюу, ошондой эле бул багыттагы башка маанилүү маселелерди чечүү боюнча биринчи кезектеги милдеттерди койду», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.  

Ташиевдин айтымында, алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруунун максаты «базардын соодагерлерине жагымдуу шарттарды түзүү, алар үчүн соода жайларынын ижара акысын төмөндөтүү, ошондой эле соода түйүндөрүнүн жана соода-базар комплекстеринин ээлеринин көмүскө кирешелерин аныктоо» болуп саналат.

«УКМКнын мамлекеттин бардык чөйрөлөрүндөгү көмүскө кирешелерге, коррупцияга жана паракорчулукка бөгөт коюу боюнча иш-аракеттери күчөй турганы айтылды», — деп белгиледи УКМК.

Садыр Жапаровдун 5-декабрда «Дордой» базарынын соодагерлери менен жолугушуусу. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

6-декабрда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев эгер базар ээлери соодагерлерге шарт түзүп, ижара акыларды азайтып баштабаса мамлекет өлкөдөгү ири базарларды өзүнө «кайтарып аларын» билдирген. Ташиев эгер базар ээлери «эл менен эсептешпесе», бийликтин «базарларды мамлекетке кайтарууга саясий эрки жетет» деп белгилеген.  

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров дагы ушундай эле билдирүү жасаган. Ал 6-декабрда «Кабар» маалымат агенттигине интервью берип, эгер ККМге каршы митингдер токтобосо, бийлик базарларга тышкы башкаруу киргизиши мүмкүн деп айткан. 

Акыркы эки жумадан бери өлкөдөгү бир катар ири базардын ишкерлери ККМ орнотууга каршы нааразычылык акцияларына чыгып жатышкан. Митингдерге Бишкек, Ош, Каракол, Талас, Токмок, Кара-Балта жана Нарын шаарларынын ишкерлери чыгышкан.  

Соодагерлердин башкы талабы — алар учурда иштеп жаткан патент системасын калтыруу, салык салуунун жаңы шарттарын, анын ичинде көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү колдонуу талабын алып салуу.

Соода-сатык үчүн патенттер 2024-жылдын 1-январынан тарта токтотулушу керек болчу, бирок патент аркылуу иштөө мөөнөтүн президент 2024-жылдын 1-июлуна чейин узартууну чечкен.