Бишкектеги №3 балдар ооруканасына күнүнө 900дөй бейтап кайрылууда

Бишкектин №3 тез жардам клиникалык балдар ооруканасына кезек күтүү боюнча даттануулар көбөйгөнүнө байланыштуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-декабрда ооруканага барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр ооруканада балдарга медициналык тез жардам көрсөтүү кызматынын сапаты менен таанышып, ата-энелер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, ооруканага күнүгө 900дөй бейтап кайрылат. Алардын 80%ы жолдомосуз келишет.

«Акыркы суткада 378 бейтап соматикалык, 79 бейтап хирургиялык кабыл алууга, 156 бейтап ЛОР кабылдоосуна, 269 бейтап травмпунктка кайрылган. Алардын көбүнө маалыматтар берилип, үйдөн дарыланууга жиберилген», — деп билдирди Маманов.

Башкы дарыгер дем ​​алыш күндөрү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору иштебегенине байланыштуу да кезектер көбөйөрүн айтып, бирок бейтаптарга медициналык жардам жана маалыматтар берилип жатканын белгиледи. 

Анын менен катар, балдар ооруканасына курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруган балдарды жайгаштыруу үчүн кошумча 30 керебет уюштурулуп, соматикалык оорулууларды дарылоочу педиатрлардын, ординаторлордун саны көбөйтүлгөнү маалымдалды. 

Буга чейин Бишкек шаарында жаш балдар арасында жугуштуу оору, сасык тумоо, пневмония күчөгөнүнө байланыштуу ооруканаларда кезек күтүүлөр көбөйгөнүнө жана орундардын жетишсиздигине нааразычылыктар айтылган.