УКМК: Бишкектеги «Баткен» базарынын жетекчилери кармалды

Бишкекте курулуш материалдарын саткан «Баткен-Комфорт» базарында ижара акысын негизсиз жогорулатуу, сатуучулардан мыйзамсыз акча чогултуу жана өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети базарга ээлик кылган «Реконс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорун, анын орун басарын жана кассир-бухгалтерин кармады.

Атайын кызматтан шектүүлөр «күзөт кызматына беребиз» деп ижарачыларды алдап, айына 500дөн 2000 сомго чейин ака чогултуп келгенин айтышты. Аталган каражат жылына 3 миллиондон ашык сомду түзүп турган.

«Ижара келишимине ылайык, коопсуздук кызматтары ижара төлөмүнүн наркына киргизилген. Мындай кылмыштуу аракеттер менен базар жетекчилиги салык төлөөдөн качып, ижарачылардан өндүрүлгөн каражатты мыйзамсыз пайдаланып, соодагерлер менен базардагы кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзүп берген эмес», — дешти УКМКдан.

Андан тышкары үстүбүздөгү жылдын августунда базар жетекчилиги ижара акысын 33% га көтөргөнү белгилүү болду. Ошондой эле курулуш талаптарын бузуу, соода жайларын мыйзамсыз жайгаштыруу фактылары аныкталды.

Шектүүлөр Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

УКМКдан «Баткен-Комфорт» базарына иш жүзүндө Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев ээлик кыларын кошумчалашты.

Шадиев 2018-жылдан бери качып жүрөт. Ал ошол жылдын апрелинде кылмыш иши козголоруна бир күн калганда Кыргызстандан АКШга чыгып кеткен.

Экс-депутат «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн» делип 2018-жылдын декабрында мүлкүн конфискацялоо менен 10 жылга соттолгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Экстрадиция боюнча келишим жок». АКШ элчилиги Шадиев эмне үчүн берилбей жатканын айтты

Салымбеков «Дордойдо» ижара акысы 60 пайызга чейин арзандаганын айтты