«Экстрадиция боюнча келишим жок». АКШ элчилиги Шадиев эмне үчүн берилбей жатканын айтты

АКШ кыргыз бийлиги менен Көлбаев жана Матраимовдордун иштери боюнча кызматташууга даяр. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Нолэн Жонсон 24.kg агенттигине курган маегинде билдирди.

Мындан тышкары, Жонсон мурдагы биринчи-вице-премьер Аскарбек Шадиевди америка бийлиги эки өлкөнүн ортосунда тийиштүү келишим жоктугунан экстрадиция кылбай жатканын билдирди.

Көлбаев жана Матраимов тууралуу

АКШ Кыргызстандын бийлиги менен биргеликте уюшкан кылмыш топторунун өкүлдөрү Камчы Көлбаев жана Райымбек Матраимовдордун иштери боюнча тергөө иштеринде жана сот жообуна тартууда кызматташууга дилгир экенин АКШ элчилигинин басма сөз катчысы билдирди.

«Көлбаев жөнүндө маалымат үчүн 5 млн АКШ долларына барабар сыйлыктын жарыяланышы, Матраимовдун жана анын активдеринин Магнитский санкциялык тизмесине киргизилиши — биздин кызматташтыкка даяр экенибиздин далили болуп саналат. АКШнын Иликтөөлөр боюнча федералдык бюросу (FBI), Баңгизатка каршы күрөшүү агенттиги жана Каржы министрлиги 9-февралда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы, УКМК, ТИМ өкүлдөрү менен онлайн форматта жолугушуу өткөрүп, анда Көлбаев жана Матраимовдорго байланыштуу иштер боюнча кызматташтык талкууланган. Биз бул кызматташууну улантуу үчүн кыргыз тараптан жооп күтүп жатабыз», — деди Жонсон.

* Экс-бажычы Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөөсүнүн башкы фигуранты.

2020-жылдын 9-декабрында АКШнын Каржы министрлиги Матраимовду «жемкорлук, анын ичинде мамлекеттик активдерди мыйзамсыз ээлеп алуу, өз кызыкчылыгы үчүн жеке менчик активдерди тартып алуу, мамлекеттик келишимдер же кен байлыктарды иштетүүгө байланышкан жемкорлук, паракорчулук менен же түз, же кыйыр алектенген, же аларга жооптуу, же катыштыгы бар учурдагы же мурдагы мамлекеттик кызматты ээлеген чет элдик жаран» деген туюндурма менен санкциялык Магнитский тизмесине киргизген.

Шадиев тууралуу

Ошондой эле, Жонсондун айтымында, 1-март күнү элчи Дональд Лу менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Шадиевдин иши боюнча жолуккан.

«Элчи Лу УКМК төрагасы менен бул багытта кызматташтыкты улантуу үчүн зарыл болгон кийинки кадамдарды талкуулады. Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан менен коррупцияга каршы күрөштө жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу тармагында кызматташтыкка, анын ичинде АКШда жайгашкан адамдар жана активдер боюнча кызматташууга да дилгирлигин билдирет. 2019-жылы Максим Бакиевге таандык $4,5 млн өлчөмүндөгү коррупциялык акча каражаттарын Кыргызстанга кайтарып берүү мунун далили болуп саналат», — деди ал.

*Президент Садыр Жапаров жакында эле «Азаттыкка» курган маегинде АКШ Кыргызстандын аймагында кылмыш кылууга шектелгендерге карата кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат деп айткан.

Анын айтымында, АКШ кримтөбөл Камчыбек Көлбаев менен бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду айыптап, ошол эле учурда экономикалык кылмыштарга айыпталып Кошмо штаттарда жашырынып жүргөн экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди Кыргызстанга бербей келет.

«Ошол эле мезгилде, мен Тышкы иштер министрин [АКШ элчилигине] жаздырдым, кылмышын берсин, фактыларын-далилдерин берсин бизге, биз ачык соттоп берели», — деп Жапаров билдирген.

Президенттин айтымында, кыргыз бийлиги ансыз деле Көлбаевдин ишинин үстүндө иштеп жатат — буга чейин Көлбаев «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча камакка алынган, өкмөттүн эсебине «бир нече сумма» төккөн, кийин эркиндикке чыгып, «калганын да төгүп берем деп чыгып, төгүп берип жатат».

«Ал киши өлтүргөн жок, ал “наркобарон, наркотик ташыган фактылары бар” деп АКШ айтып жатат. “Фактылары болсо, бер” десек, бербей жатышат», — деген Жапаров.** АКШ өкмөтү Кыргызстанга кайтарып берген акча Евгений Гуревичти кылмыш жазасына тартуу иш-аракеттеринин алкагында конфискацияланган. Гуревич — Максим Бакиевдин мурдагы каржы боюнча кеңешчиси.

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга жалпысынан 6 млн доллар кайтарат деген маалымат берилген. Кыргыз бийлиги алган 4,5 млн долларды аймактарды өнүктүрүүгө, дары-дармектерди сатып алууга жана айылдарда таза суу маселесин чечүүгө жумшалат деп белгиленген.

Көлбаев деген ким?

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Камчы Көлбаевди Кыргызстандагы «кримдүйнөнүн анабашы» деп эсептейт. Көлбаев «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал. 2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген. Ал «Коля кыргыз» деген ат менен дагы белгилүү.

Камчы Көлбаев ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоого алынган. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2018-жылы ага 424 адам кирген. Ал Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң эле таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири. Ал 2012-жылы кылмыштуу топту уюштуруу, баңгизат сактоо, бийликтин өкүлүнө карата зомбулук кылуу жана адам уурдоо айыптары боюнча кармалган.

2018-жылы жайында Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча борбордун (OCCRP) иликтөөчү журналистттери Көлбаевдин Дубайдагы батирин табышкан.

Алардын маалыматы боюнча, кримтөбөл Dubai Marina районунда Bahar 1 көчөсуңдө мүлк сатып алган — ал жактагы мүлктөрдүн баалары 400 миң доллардан 700 миң доллларга чейин жетет.

Мурда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутатттыка талапкерлигин көрсөткөн ИИМдин экс-башчысы Өмүрбек Суваналиев 2020-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоого катышкан таасирлүү партиялардын артында дал ошол Көлбаев турганын айткан.

Ошондой эле, 2020-жылдын октябрь айында Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин Садыр Жапаровдун Көлбаев менен байланышы болушу мүмкүн деген маалымат тараган. Бул премьер-министрдин милдетин аткаруучуну шайлоо учурунда бир катар депутаттар УКТ тарабынан кысым көрсөтүлдү деп билдиргенден кийин айтылган. Анда бул кызматка Жапаров дайындалган.

Бирок Жапаров өзү кримтөбөл менен кандайдыр бир байланышы бар деген маалыматты төгүндөгөн.

Акыркы жолу Камчы Көлбаев 2020-жылдын октябрында кармалган. УКМК Көлбаев «уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жол бербөө жана аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында» кармалганын билдирген. Ал «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу» боюнча айыпталууда. Ноябрда ал №47 түзөтүү абагына киргизилгени белгилүү болгон.

Андан соң 2-мартта Бишкек шаардык соту Көлбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, аны эч жакка кетпөө шарты менен бошоткон.

Кийинчерээк, «кылмыштуу кирешелерди адалдоо» фактысы боюнча козголгон дагы бир кылмыш ишинин алкагында Көлбаевдин туугандары мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 49,6 миллион сом өкмөттүн эсебине которгону маалым болгон. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, бул иш боюнча келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 250 миллион сомдон ашык.

Көлбаев камактан бошотулгандан кийин АКШ элчилиги билдирүү жасап, «баңги заттарын сатуу, адам сатуу, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш иш-аракеттери менен алектенген кылмыштуу тармагы бар, эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, киши өлтүрүү үчүн жоопко тартылган Камчыбек Көлбаевдин бошотулгандыгына» терең тынчсызданаарын айткан.

Бул билдирүү менен кошо АКШнын Мамлекеттик департаменти Камчыбек Көлбаевдин кармалышына жана/же соттолушуна алып келген маалымат үчүн жана Көлбаевдин кылмыштуу уюмунун каржылык механизмдеринин бузулушуна алып келген маалымат үчүн сыйлыктын өлчөмү 5 миллион долларга чейин көбөйткөн.

Шадиев деген ким?

Аскарбек Шадиев парламенттин төрт чакырылышынын депутаты болгон, ал эми 2010-2012-жылдары энергетика жана өнөр-жай министрлигин башкарган. 2017-жылдын декабрь айында Шадиев биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган.

Шадиев 2018-жылдан бери качып жүрөт. 2018-жылдын апрелинде экс-депутат алгачкы иштин козголушуна бир күн калганда Кыргызстандан чыгып кеткен. Кийин УКМК Шадиевдин качышына экс-башкы прокурор Индира Жолдубаеваны айыптаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Шадиев кызмат абалынан пайдаланып Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң АКШ долларын өзүнө ыйгарып алган. Күч органдары алгачкы иштин козголушуна бир күн калганда Шадиев Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, ал жактан АКШга учуп кеткен деп айтышкан.

Экс-депутат жана экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз» өткөн деп 2018-жылы декабрда мүлкүн конфискацялоо менен 10 жылга соттолгон.

АКИpress маалымат агенттиги саясатчыдан жана анын үй-бүлөсүнөн конфискациялана турган мүлктүн жалпы баасы 1,8 млрд сомдон ашаарын кабарлаган.

Ал суммага Шадиев менен анын жубайынын банктык эсептериндеги акча, машина, «Ала-Арча» турак комплексиндеги эки жер үй, «Ала-Арча» соода-оюн зоок борбору, «Карвен четыре сезонанын» 33,33% уставдык капиталы, «Карвен Групптун» 50% уставдык капиталы жана башка мүлктөр кирген.

2020-жылдын май айында УКМК Аскарбек Шадиевдин аялы Асел Шадиеваны кылмыш жолу менен табылган кирешени адалдоого шектей баштаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Шадиев 2010-2017-жылдары «мүлктүн кылмыштуу булагын жашыруу максатында жубайы Асел Шадиевага каттатып койгон».

Ошол эле жылдын июнь айында Бишкектин Биринчи май райондук соту Шадиевди мыйзамсыз баюуга күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле 60 миң сом айып төлөөгө милдеттендирген.

Аскарбек Шадиев өзү ага карата 2018-жылдын ноябрь айында козголгон кылмыш иштери боюнча бир гана жолу пикирин билдирген. Ал өзүнө карата козголгон үч кылмыш иши «калптан токулган» деген ойдо экенин жана өзүнүн жана бир туугандарынын өмүрүнөн кооптонгондуктан Кыргызстанга кайтуу ниети жок экенин айткан.

2020-жылдын 21-майында парламенттин отурумунда ошол кездеги башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов АКШдагы тийиштүү кызматтар менен бул багытта сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айткан. Ошондо тийиштүү тергөөчүлөр АКШга барып келишмек, бирок пандемиядан улам бул иш сапар башка убакытка жылып калганын башкы прокурор эл өкүлдөрүнө билдирген.

Мындан кийин, 2021-жылдын 25-февралында УКМК издөөдө жүргөн мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди кармоо ишинде көмөктөшүү өтүнүчү менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигине расмий түрдө кайрылган.