Өлкөдө жыл башынан бери кызамык менен ооругандардын саны 5500дөн ашты

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө жыл башынан бери кызамык менен ооруган 5532 адам катталганын кабарлады.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 1637, Жалал-Абад облусунда — 1591 жана Чүй облусунда — 778 учур катталган.

Ал эми Ош облусунда — 781, Ош шаарында — 377, Баткен облусунда — 116, Талас облусунда — 101, Ысык-Көл облусунда — 83, Нарын облусунда — 68 учур катталган.

Маалыматка ылайык, кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жайылып жатат. Башка облустарда да оору жайылып жатканы байкалууда.

Кызамык оорусун токтотуп калуу максатында кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө иштери жүрүп жатат.

«Кызамык өтүшүп кетсе, кесепеттери өтө оор болот. Вирус жукту деген шектенүү пайда болоор замат туура диагноз койдуруп, жакшы дарылануу үчүн чукул арада дарыгерге кайрылыш керек. Дарыгерди үйүңүзгө чакырыңыз! Эгерде дене табыңыз өтө жогору болсо, тез жардам кызматына кайрылыңыз», — деп эскертишти министрликтен.

Балдар арасында өсүп жаткан кызамык жана кызылча менен күрөшүү демилгесинин алкагында быйыл илдетке каршы 755,5 миң доза вакцина алып келинип, эмдөө иштери 18-сентябрдан башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өлкөдө жыл башынан бери кызамык менен ооругандардын саны 4,4 миңден ашты

Өлкөдө кызамык менен ооругандардын жалпы саны 3600дөн ашты