Өлкөдө кызамык менен ооругандардын жалпы саны 3600дөн ашты

Өлкөдө жыл башынан бери кызамык менен 3618 адам ооруганы аныкталды. Бул тууралуу 13-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган илдет эң көп Бишкек шаарында катталып, бейтаптардын саны 1076ны түзгөн. Ал эми Ош облусунда — 695, Жалал-Абад облусунда — 650, Чүй облусунда — 562, Ош шаарында — 333, Баткен облусунда — 96, Талас облусунда — 95, Ысык-Көл облусунда — 72, Нарын облусунда – 39 учур катталган.⠀

«Алардын 3195и он жашка чейинки балдар болгон. Ал эми 3618 бейтаптын ичинен 3140ы ар кандай себептер менен эмдөө алган эмес», — деп маалымдашты министрликтен.

Республикалык эмдөө борборунун 1-ноябрда берген маалыматына ылайык, он ай ичинде 3289 адам кызамык оорусуна чалдыкса, алардын көбү — төрт жашка чейинки балдар.

Буга чейин, Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда балдар арасында кызамык оорусу күч алып, абал курч экенин кабарлаган.

6-ноябрда Бишкек шаарындагы Жугуштуу ооруларга каршы республикалык клиникалык ооруканада кызамык менен ооругандарга кошумча бөлүм ачылып, бейтаптар ошол эле күнү жаткырыла баштаган.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Абал курч». Өлкөдө эмделбеген балдардын арасында кызамык көп катталууда

Кызамыктан эки бала көз жумду. Министрлик алар эмдөөдөн өтпөгөнүн билдирди

Бишкек: Кызамык менен ооругандар үчүн ооруканада кошумча бөлүм ачылды