«1,5 миллион сомдук доо». Лейла Саралаева Турсунбай Бакир уулун сотко берди

Журналист Лейла Саралаева жана мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу.

Журналист Лейла Саралаева мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулун сотко бергенин билдирди. Арыз жазууга Бакир уулунун үстүбүздөгү жылдагы депутаттыкка кайра шайлоо учурунда жазган посту себеп болду.

«Ленин райондук соту ар-намысымды, кадыр-баркымды жана ишкердик беделимди коргоо боюнча доо арызда кабыл алды. Бакировдун фейсбуктагы эки барагында жалпы 30 миңден ашык катталуучу бар. Бул пост мага орду толгус моралдык азап тартуулап, психикалык жаткан кыйналдым» — деди ал.

Журналист Бакир уулу «кемсинткен пост жана комментарий жазганы үчүн» 1,5 миллион сом моралдык зыяндын ордун толтуруп алууну көздөп жатканын белгиледи. Анын айтымында, отурум 8-январга белгиленди.

Турсунбай Бакир уулу бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Саралаева айтып жаткан пост үстүбүздөгү жылдын августунда Бишкектин Ленин округунан Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өнөктүгү учурунда жарыяланган. Саралаева менен Бакир уулу аталган округдан талапкер болуп катталып, кийин мурдагы акыйкатчы саясий жарыштан баш тарткан.

Үгүт иштери баштала электе эле Саралаева Бакир уулу баннерлерди илинип алганын айтып Борбордук шайлоо комиссиясына арызданган. Ал эми Боршайком Бакир уулуна эскертүү берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ленин округундагы кайра шайлоо: БШК Турсунбай Бакир уулуна эскертүү берди