Ленин округундагы кайра шайлоо: БШК Турсунбай Бакир уулуна эскертүү берди

Турсунбай Бакир уулу. Сүрөт: БШК

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин округунан депутаттыкка талапкерлигин койгон Турсунбай Бакир уулуна эскертүү берди. Ага саясатчы үгүт иштери баштала электе эле баннерлерди илинип алганы себеп болгон.

14-августта дагы бир талапкер Лейла Саралаева Бакир уулунун үстүнөн БШКга арызданган. Ал Бишкек шаарындагы эки жерге Бакир уулунун сүрөтү, бюллетендеги номери жана «Мен кайтып келдим» деген урааны жазылган баннер илингенин айтып, анын сүрөтүн да жарыялаган.

Саралаева талапкерлердин катар номери али тактала элек экенин белгилеп, Бакир уулунун сүрөтү түшүрүлгөн баннерде «29-номердин кантип тандалып алганын түшүнбөй жатканын» айткан.

Ленин районундагы мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрда болот. Бул жолку шайлоого 13 млн 208 миңден ашык сом жумшалары күтүлүүдө. 19-августка карата Биршайкомго 23 талапкер катталды.

Жыйынтыгы жараксыз деп табылган шайлоо

28-майда Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо өткөн. Анда Дамира Ниязалиева шайлоочулардын эң коп добушуна татыса, Улан Сариев экинчи орунга чыккан.

Эртеси күнү Ниязалиеванын үстүнөн «Добуш сатып алуу» боюнча иш козголгон. Анын штабы тинтүүгө алынып, мөөр басылып жабылган. Буга интернетте тараган аудио негиз болгон.

Ал эми 1-июнда УКМК экинчи орунда эң көп добуш алган талапкер Сариев добуш сатып алууга шектелип жатканын билдирген.

16-июнда Боршайком мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 18 млн 636 миң 500 сом жумшалган.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө экс-депутат Жаныбек Абировдун «кафелердин биринде күзөтчүнү сабаганы» айтылып, коомчулуктун кызуу талкуусунан соң мандатын тапшырганы себеп болгон.