«Кызга залал келтирген». Бишкекте 30 жаштагы киши бейбаштыкка шектелип кармалды

Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде коомдук тартипти бузуп, кыздын денесине залал келтирген 30 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу 14-декабрда «Клоопко» Биринчи май райондук милициясынан кабарлашты.  

Шектүү. Сүрөт: Биринчи май райондук милициясы.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу райондук милицияга үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында  кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 02:00 чамасында Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Мюнхен паб» эс алуу жайында анын денесине залал келтирген кишиге чара көрүүнү өтүнгөн. 

Милиция бул окуяны каттоого алып, «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Шектүү катары 30 жаштагы тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна жабырлануучу алган жаракатынан улам кыска мөөнөттүү баш аламандыкка учурап, ден соолугуна жеңил зыян келтирилгени айтылат.

Өлкөдөгү аялдарга карта зордук-зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктун 11 миңден ашык учуру катталып, 539 кылмыш иши козголгон. Ал эми жабырлануучулардын 95%ын аялдар түзөт.

Кыргызстан Дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Жарыяланган рейтингге ылайык, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичиндеги аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылды.

Ошого карабай айрым аткамитерлер үй-бүлөлүк зомбулук өлкөдө сейрек кездешкен көрүнүш деп эсептейт. Мисалы, президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков. Ал зордук-зомбулуктун көбөйгөнү тууралуу статистиканы «кызыкдар тараптардын саясаты» деп атаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир график менен: Орунбековго өлкөдө аялдар тынымсыз сабаларын түшүндүрөбүз

Акылбек Жапаров аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды