Акылбек Жапаров аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 24-ноябрда аялдарга карата зомбулук учурларын алдын алуу маселелери боюнча жыйын өткөрүп, «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» жараянына символикалык старт берди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров жыйында «үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын алдын алуу жана токтотуу маселеси мамлекеттик бийликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин» белгиледи.

Буга байланыштуу ал укук коргоо органдарга, эрегиликтүү бийлик органдарына жана социалдык кызматтарга бул багытта ишти күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле ал бул багыттагы учурдагы мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды кайра карап чыгуу, аялдарды коргоо жана колдоо боюнча жаңы чараларды киргизүү жана актуалдаштыруу боюнча тапшырмаларды берди.

«Теңдикти жана гендердик саясатты илгерилетүү бул жөн гана тенденция, оозеки сөздөр же эл аралык милдеттенмелерибизди аткаруу эмес. Бул дени сак, адилеттүү жана өнүккөн коомдун пайдубалы. Ошондуктан, биз коопсуз, тынч жана бакубат жашоону түзүү үчүн коомубуздун ар бир мүчөсүн коргоого бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу саясаты өкмөттүн көңүл борборунда кала берет», — деп белгиледи минкабдын башчысы.

Минкабдын басма сөз кызматы Жапаров аялдарга финансылык-экономикалык колдоо көрсөтүү маселесине да токтолгонун билдирди.

Мындан тышкары жыйында учурда Жогорку Кеңештин кароосуна мындай көрүнүштөрдү болтурбоо чарасынын жаңы түрүн киргизүү жөнүндө – зордук-зомбулук жасаган адамдарга электрондук билериктерди тагууну караган мыйзам долбоору сунушталганы белгиленди. Анын жардамы менен бийлик андай адамдардын жайгашкан жерине жана «зордук-зомбулукка кабылган адамдарга жакындаган радиуска» байкоого жүргүзөт.

Мындан сырткары, жыйында президенттин тапшырмасы менен 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча атайын программа иштелип жатканы айтылды.

Үй-бүлөлүк зомбулук — өлкөдө көп жылдан бери актуалдуу болуп келе жаткан башкы маселелердин бири. ИИМдин маалыматына ылайык, өлкөдө үстүбүздөгү жылдын акыркы он айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миң 400 учуру катталган

2023-жылдын октябрында Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Бул көрсөткүч Кыргызстан экинчи жыл катары менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп атканын айтып турат.