Психиатрия борборундагы жаңжал: Бөлүм башчы иштен алынып, 14 дарыгер жазаланды

Мамлекеттик психиатрия жана наркология борборундагы жаңжалга байланыштуу мекеменин бөлүм башчысы иштен алынды. Дагы алты дарыгерге сөгүш жарыяланып, сегизине эскертүү берилди. Бул тууралуу «Клоопко» 15-декабрда аталган борбордун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 24.kg басылмасы аталган борбордо жашы жете элек экинчи топтогу майыптыгы бар кызга дарыгерлер жаман мамиле кылганы тууралуу жазып чыккан. Окуя 6-декбрда болгону айтылган.

«Кызынан кабар алганы барган эне, кызы борбордун каридорунда шейшепсиз желим төшөлгөн керебетте жатканын көргөн. Кызын жуунтуу үчүн чечинткенде, денесинен көгала тактарды байкаган. Ал кызын үйүнө алып кетүүнү чечкен. Ал эми оорукананын кызматкерлери аны эч кандай доом жок деп тил кат жазып берүүгө мажбурлаган», — деп жазылат маалыматта. 

Кийин бейтаптын апасы Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборуна арыз менен кайрылып, оорукананын дарыгерлерине чара көрүүнү өтүнгөн.

Укук коргоочулар менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү борборго барганда ал жердеги бейтаптар дарыгерлер кызды эки күн катары менен, тагыраагы 4-5-декабрда таңып коюшканын айтышкан

Психиатрия жана наркология борбору эмне дейт? 

Психиатрия жана наркология борборунан кыздын денесинин көгөргөнүн бейтаптын таңуудан бошонууга аракет кылып жатып денесине залал келтирип алганы менен түшүндүрдү. Ал эми дарыгерлер ага жол бергени үчүн жазаланды.

Мекемеден эгер бейтап «өзүнө жана башкаларга түздөн-түз коркунуч туудурса, министрлик бекиткен колдонмого ылайык, ага чектөө чаралары колдонуларын» айтышты. Тагыраагы, бейтап сегиз катмар кездемеден тигилген жумшак байлагычтар менен эки сааттан ашык эмес убакытка таңылат. 

Борбордун басма сөз кызматынан дарыгерлер бейтапка эч кандай кол көтөрбөгөнүн, ал таңылып жаткан убакыт атайын журналга катталганын кошумчалашты.

Өлкөдө 211 650 майыптыгы бар адам болсо, алардын 37 миңден ашууну жаш балдар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 3-декабрда майыптыгы барлар күнүнө карата кайрылуусунда билдирген.

Жапаров мамлекет майыптыгы барларга ар тараптуу социалдык колдоо көрсөтүүгө аракет кылып келе жатканын билдирген. Анын айтымында, бийлик майыптыгы барлардын муктаждыгын канааттандыруу, укугун коргоону эң башкы милдеттердин бири деп билет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров: Мамлекет майыптыгы барларга ар тараптан колдоо көрсөтүүгө аракет кылып келе жатат

ЮНИСЕФ: КР майып балдардын 80%дан ашыгы тарбиячылардын психологиялык агрессиясына кабылат