Жапаров: Мамлекет майыптыгы барларга ар тараптан колдоо көрсөтүүгө аракет кылып келе жатат

Өлкөдө 211 650 майыптыгы бар адам болсо, алардын 37 миңден ашууну жаш балдар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 3-декабрда майыптыгы барлар күнүнө карата кайрылуусунда айтты.

Жапаров мамлекет майыптыгы барларга ар тараптуу социалдык колдоо көрсөтүүгө аракет кылып келе жатканын билдирди. Анын айтымында, бийлик майыптыгы барлардын муктаждыгын канааттандыруу, укугун коргоону эң башкы милдеттердин бири деп билет.

«Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбыз темирдей бекем эрки, кажыбас кайраты, оптимисттик көз карашы менен алдыга умтулуп, кайсы гана тармакта болбосун талыкпай эмгектенип, көптөгөн ийгиликтерди жаратып келе жатканы кубандырат. Албетте, мындай адамдар — жалпы Кыргызстандын сыймыгы!» — деди ал.

Өлкө башчысы бүгүнкү күндө майыптыгы барлардын керектөөлөрүн эске алуу менен, алардын социалдык, экономикалык жана саясий турмушка катышуусун камсыздоо милдетин ишке ашыруу улантылып жатканын белгиледи.

Кыргызстанда майыптыгы барлар үчүн инфраструктура ыңгайсыз, коомдук транспорт менен толук кандуу пайдалана алышпайт. Ошондой эле алар иш таба албай, коом тарабынан кабыл алынбай келишет.

2019-жылдын 14-мартында кыргыз бийлиги майыптардын укуктары боюнча БУУнун конвенциясынын ратификациясына кол койгон. Кыргызстан өлкөдө жашаган 200 миңге жакын майыптардын укуктарын сактоого жана коргоого милдеттенме алган. Анткен менен азырынча бул жаатта алгылыктуу иштер аткарыла элек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Майыптыгы барлар аярлуу темаларды билишет жана парламентте көп нерсе жасай алышат — Айнуранын окуясы