Вакансия: «Клооп» онлайн мектепке координатор издейт

Иллюстрация: pikisuperstar / Freepik

Бизде жаңы вакансия ачылды! Онлайн мектептерге координатор издеп жатабыз.

«Клооптун» мектептери менен курстары — уюмдун эң ийгиликтүү долбоорлорунун бири. Анткени бир кезде уюмдун жана «Клооп» басылмасынын тарыхы дал ушул билим берүү тармагынан башталган — 2006-жылы журналистика курсун уюштуруп, азыркыга чейин улантып келүүдөбүз.

17 жыл ичинде «Клооптун» журналистика мектеби эң эле татаал темаларды чагылдыруудан коркпогон, тайманбас журналисттердин муунун өстүрдү. Биздин мектептин өзгөчөлүгү дайыма практикага ыктаганында — катышуучулар окуудагы биринчи эле күнү алгачкы материалын жазып баштап, дароо иш жүзүндө өзүн бул кесипте сынап көрүп, баа жеткис тажрыйба топтоого мүмкүндүк алышат.

Дал ушул себептен биздин мектептин бүтүрүүчүлөрү кийинчерээк чоң ийгиликтерге жетишүүдө. Бүгүнкү күндө алар «Клооптун» өзүндө, башка кыргыз ЖМКсында жана чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт — мисалы, легендарлуу OCCRP иликтөө уюмунда же «Настоящее время» телеканалында.

2010-жылдардын башынан тартып билим берүү программабызды кеңейттик — андан бери программалоо боюнча курстарды, кыргызча англис тилин үйрөткөн сабактарды, шайлоодо байкоочулар үчүн мектептерди уюштурдук, жакында мобилография боюнча мектепти баштаганы турабыз.

2020-жылы байкоочуларды окутуп баштагандан бери курстарыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлдү — анда аз убакытта өлкөнүн булуң-бурчундагы миңдеген адамды окутууга мүмкүндүк берген бир жолду табышыбыз керек болду, анан калса пандемия шартында. Онлайн-курсубуздун тарыхы дал ушинтип башталды, чоң ийгиликке жетиштик — онлайн режиминде окуган байкоочулар Кыргызстанда 2020-2021-жылдары бардык шайлоодо (өлкөдө кыска мөөнөттө абдан көп шайлоо өткөн мезгилде) иштешти. Алар миңдеген мыйзам бузууларды аныктап, юристтерибиз жүздөгөн даттанууларды беришти.

Кийинки кадамыбыз — журналистика боюнча онлайн-курстарды өткөрүү. Бул ирет тажрыйбабыздагы эң жакшы нерселерди айкалыштыралы деп жатабыз — практикага көңүл буруу менен бирге өлкө масштабында кеңири аймакты камтуу.

Байкоочулар менен иш алып барып жатып өлкөбүздө көптөгөн таланттуу жана эр жүрөк адамдар жашаарына көзүбүз жетти — биз ошол таланттын мындан ары да өрчүшүн каалайбыз, өлкөдөгү маанилүү окуялар менен жагдайлар тууралуу өз-ара маалымат алышуу багытын да өнүктүрсөк дейбиз.

Ушуга байланыштуу биз масштабдуу онлайн мектептерибизди координациялай турган координаторду издеп жатабыз!

Иштеги милдеттер: 

  • мектептин программаларын пландоо; 
  • мектептин контентин текшерип, оңдоп-түзөө;
  • катышуучу/студенттер менен иш алып баруу; 
  • мугалимдер менен тренерлердин ишин жөндөө;
  • биздин программалык камсыздоодо иштегенди үйрөнүү;
  • кайтарым байланышка чыгуу менен мектептерди жакшыртуу;
  • соцтүйүнгө чыкчу контентти жөндөө.

Биздин оюбузча, бул ишке төп келчү талапкер төмөнкү жөндөмдөргө ээ болушу керек:

  • кыргыз тилин жакшы билген; 
  • масштабдуу мектепти координациялаганды каалаган; 
  • сабактарды текшерип, оңдоп-түзөө тажрыйбасы бар. 

Англис тилин билүү артыкчылык болот, бирок милдеттүү талап эмес.

Анан аралыктан иштөөгө мүмкүнчүлүк берилет. 

Тандоо эки баскыч менен жүргүзүлөт. Алгач баарлашуу жана техникалык тапшырмадан өтүшүңүз керек, андан ийгиликтүү өткөндөр жайынтыктоочу баарлашууга чакырылат.

Биздин команданын бир бөлүгү болгуңуз келеби? Бул шилтеме аркылуу өтүп, форманы толтуруңуз. Билдирмени кабыл алуунун акыркы мөөнөтү — 2024-жылдын 8-январы, кечки саат 18:00.