Диний кастыкты козутууга шектелген Арстан Алай 15-январга чейин камакка алынды

Арстан Алай деген каймана ат менен белгилүү 55 жаштагы Арстанбек Абдылдаевге «Диний кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылып, Октябрь райондук сотунун чечими менен 15-январга чейин камакка алынды.

Алгач Абдылдаевдин дайынсыз болуп жатканы айтылып, 15 -декабрда УКМК тарабынан кармалганы белгилүү болгон. Ал «китептерди таратуу менен социалдык тармактарда диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасоого» шектелип жатканы айтылган. 

Атайын кызматтан шектүү өзүн «Жаңы Кудай», «Куткаруучу» деп эсептеп, «башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу» деп эсептеп, аларга терс баа берип келгенин белгилешкен.

Абдылдаевдин жашаган үйүн жана сабак өтчү жерин тинтүү учурунда бир нече адабий китептер, компьютер жана электрондук материалдар табылган.

Арстан Алай коомдо 2011-жылы «Кыш болбойт» деп айтканы менен эсте калган. Кийин да өзүн «Жаңы Кудаймын» деп жарыялап, үч ирет президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Садыр Жапаров КТРКдагы дебатка келген жок, Арстан Алай аны онлайн катыштырууну сунуштады