Президент тууну өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин айтып, элден колдоо сурады

Президент Садыр Жапаров мамлкекеттик тууну өзгөртүү демилгесин өзү сунуштаганын айтып, Элдик курултайдын катышуучуларын аны колдоого чакырды.

«Нурланбек Шакиевге "Желекке оңдоп-түзөтүү киргизүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Жогорку Кеңешке туунун авторлорун чакырып, кеңешип мүмкүн желектеги күндүн нурун кичине түздөп, түндүгүндөгү чамгаракты төрткө көбөйтүп койбойлубу?” деп мен сурандым. Нурлан Шакиевди тепкилебей мени тепкилегиле», — деди президент.

Жапаров президент болуп турган үч жылда ар кандай жолугушуу жана саммитке катышуу үчүн 30дан ашык өлкөгө барганын, айрым жолугушууда «силер чемичке өндүрүп май чыгарасыңарбы?» деген суроолор берилгенин айтты.

Курултайдын алгачкы күнү айрым делегаттар «желекти өзгөртүүгө эл каршы экенин» айтып, президенттен бул маселеге көңүл буруусун өтүнгөн. Кээ бири парламент төрагасынан бул демилгесинен баш тартууга чакырган.

Тууну өзгөртүү демилгеси

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапкан. Тууну өзгөртүүгө 66 депутат макулдугун берсе, сегиз эл өкүлү каршы болгон.

Айрым депутаттар «аталган чечимди кабыл албай, маселе референдумга коюлушу керектигин» айткан. Ал эми Мирлан Самыйкожо анын ордуна башка бирөө тууну өзгөртүүгө «макул» деп добуш берип койгонун айтып чыккан.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — парламеттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Алар туудагы күн нурунун формасын жана түндүктөгү чамгарактарды төрткө чейин көбөйтүүнү сунушташууда.

Тууну өзгөртүү демилгесин президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да колдогон. Бирок, соцтүйүндүн айрым колдонуучулары бул демилгеге каршы болуп, #тууөзгөртүлбөсүн деген флешмоб башташкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Тууну өзгөртүү демилгеси: Мамлекеттик катчы депутаттар эл мүдөөсүн эске алат деген тилекте