«Түбөлүк отурбайм, чыгам». Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү абактан коркутуп жатат 

Мыкаачылык менен бычакталган Асел Ногойбаевага мурдагы күйөөсү тергөө абагында отуруп алып да коркутууларды жөнөтүп жатат. Бул тууралуу жабырлануучунун сиңдиси Диана Елкен билдирди

«Биз Аселдин ден соолугу үчүн күрөшүп, операциясына каражат топтоп, коркуусу менен күрөшүп жатсак, тигил зөөкүр жылуу жумушак жерде отуруп алып, Аселге жазып жатат. Бул зөөкүргө мамлекет биз төлөгөн салыктан мамлекеттик жактоочу жалдап берип койду, жалпы камерада отурат экен, байланыш каражатын берип атышса демек аны сыйлашат окшойт да», — деп жазды жабырлануучунун сиңдиси. 

Катта айыпталуучу «түбөлүк отурбасын», жакында эркиндикке чыгарын жазып эскерткен. Ошондой эле намаз окуй баштаганын жана «бул жашоодо да, аркы дүйнөдө да» бирге болушарын жазган.

Кийин Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы ТИЗО-1деги тинтүү жүрүп, айыпталуучуга таандык телефон табылганын билдирди. Маалыматка ылайык, телефонду ага соттолгон башка адам берген. 

Ногойбаеванын сиңдиси жакында бул иш боюнча сот отурумдары башталарын дагы кошумчалады. Алар соттон айыпталуучуну өмүр бою кесүүнү өтүнүп жатат. 

Чүй облусунун Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаева кордолгону тууралуу окуя 20-сентябрда белгилүү болгон. Жабырлануучу ошол эле күнү бети жана моюну кесилген абалда Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул факты боюнча милиция «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, жабырлануучунун 39 жаштагы мурдагы күйөөсүн кармаган.

Жабырлануучу бул окуяга чейин дагы мурдагы күйөөсүнүн «зордук-зомбулугуна» арызданып, укук коргоо органдарына эки жолу кайрылганы белгилүү болгон, бирок ал соттолбой эле эркиндикте калган. 27-сентябрда Чүй облустук соту аялдын мурдагы жолдошун пробациялык көзөмөлгө алуу боюнча чечимди жокко чыгарып, айыпталуучуну зордуктоо иши боюнча 8 жылга эркинен ажыраткан.