УКМК: Ала-Бука районунда аткезчиликке көмөктөшкөн сегиз чек ара кызматкери кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда аткез жүктөрдү өткөрүүгө көмөктөшүүгө шектелип 8 Чек ара кызматкери жана 5 жөнөкөй жаран кармалды. Бул тууралуу 19-декабрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-декабрга караган түнү «Баймак-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары жумуштан тышкаркы убакта мыйзамсыз жүк алып өтүүгө көмөктөшүп жатканда кармалган. Териштирүүдө аталган иш-аракеттер системалуу мүнөздөгү туруктуу аткезчилик каналы экени аныкталды.

Атайын кызмат «шектүүлөр кылмыштуу аракеттерин жашырып, чек ара кызматынын көзөмөл-өткөрүү пунктунда орнотулган видео камераларды жаздырбоо максатында, объекттин аймагында электр энергиясын өчүрүп коюшканын» кошумчалашты.

Бул факт боюнча «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик менен дары-дармек ташыгандар аныкталды

Ош: Бажы кызматкерлери жана ишкерлер аткезчилик жол менен системалуу түрдө товар ташыганы аныкталды