Алкоголдук ичимдиктерге «Манас» эпосундагы каармандардын аттарын коюуга тыюу салуу сунушталды

Өлкө аймагында өндүрүлгөн алкоголдук ичимдиктерге жана тамекинин аталыштарына «Манас» эпосундагы каармандардын, атап айтканда Манас, Семетей, Сейтек, Бакай, Каныкейдин ысымдарын колдонууга тыюу салуу сунушталды. Мыйзам долбоорду депутат Тазабек Икрамов сунуштап, ал 19-декабрда коомдук талкууга чыгарылды.

Маалымкат-негиздемеде мыйзам долбоору «сатып алуучулардын аң-сезимине моралдык жактан абийирсиз таасир этүүнү жоюу максатында» сунушталганы айтылат. Эреже бузган жеке жактарга — 100 миң сом, ал эми юридикалык жактарга — 1 млн сом айып салуу каралган. 

Кыргызстанда өлкөнүн жана борбор калаанын аталышынан тарта «Манас» эпосундагы каармандардын ысымдары менен аталган спирттик ичимдиктер сатылып келет.

«Манас», «Семетей» жана «Сейтек» үчилтиги адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын шедеврлеринин тизмесине 2013-жылы киргизилген.

«Манас» эпосунун жазылып алынган жалпы 35 варианты бар, алар өзүнүн толуктугу жагынан айырмаланып турат. Толук варианттарына манасчылар Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Шапак Ырысмендеев, Тоголок Молдо, Багыш Сазанов, Молдобасан Мусулманкулов, Ыбырайым Абдрахманов жана Мамбет Чокморовдон жазып алынган тексттер кирет.

Варианттардын көптүгүнө карабастан «Манас» эпосу бирдиктүү бир чыгарманы түзөт. Ал жалпы идеялык багыты, сюжеттик линиясы, тематикасы жана каармандарынын образдарынын бүтүндүгү менен бириктирилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине кирди