Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоого шектелип экс-депутаттын уулу кармалды

УКМК 20-декабрда маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоого шектүү катары Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу кармалганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, шектүү «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо» беренесинин негизинде 6-декабрда колго алынып, Октябрь райондук сотунун чечими менен ТИЗО-1ге киргизилген.

Шектүү. Сүрөт: УКМК.

Атайын кызматтан «шектүү Көлбаевдин жана анын айланасындагылардын кылмыштуу ишмердиги жөнүндө билип туруп, Lexus LX570 үлгүсүндөгү брондолгон унааны өзүнө каттатып, Көлбаев жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун башка мүчөлөрүнө пайдаланууга бергени аныкталганын» билдиришти.

Ошондой эле шектүү Көлбаев менен үй-бүлөлүк жакын мамиледе болгонун, анын спорттук жана башка иш-чараларын каржылаганы маалымдалды. Тергөөнүн жүрүшүндө «шектүүнүн Дубайдын элиталык райондорунун биринде 4,5 млн долларга бааланган 24 батири аныкталганын» белгилешти.

Айрым ЖМКлар шектүү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Динара Исаеванын уулу — Азиз Мырзаев экенин жазышууда.  

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 4-октябрда УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Мыйзамдагы ууру кармоо учурунда «куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн» жооптуу ок чыгаруу менен «жок кылынганы» айтылган.

Кийин атайын кызматтан «криминалдык империянын» масштабын айтышкан. Ведомствонун маалыматы боюнча, Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала баасы 1 млрд АКШ долларын түзөт, алар камакка алынган.

Көлбаевдин өлүмүнөн сон УКМК кылмыштуу топторду кармоо иштерин күчөтө баштаган. Октябрдын башында эле атайын кызмат Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 40тан ашуун активдүү мүчөсү менен лидерлери колго түшкөнүн билдирген. Кармалгандардын арасында ишкерлер, мурдагы депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер да бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК экс-депутат Борис Сандын уулун Көлбаевдин УКТсын каржылоого шектеп кармады

Ташиев: Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 225 мамлекеттик кызматкер аныкталды